Ош—Баткен—Исфана жолунда оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат

TurmushОш—Баткен—Исфана (эски багыт Баткен—Кара-Токой) жолунун 187-чакырымынан 218-чакырымына чейинки аралыгында оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында №2 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Мамаюнус уулу Авазбек билдирди.

Анын айтымында, бул жылга район боюнча жолдорду оңдоо, жамоо иштерине 4,5 млн сом каралган.

«Бул жол былтыркы жылга пландалган. Бирок карантин болуп, быйылкыга калтырылган. Жалпы ушул жылга жолдорду жамоо иштерине 4,5 млн сом бөлүнгөн. Ошонун негизинде оңдолуп жатат. Негизи бул жол 1965-жылдары салынып, тургундар Баткенден Ошко Сох аркылуу каттап турушкан», — деди ал.

Бирок бул оңдоп-түздөө иштери жергиликтүү элди канааттандырбай жатат.

«Бужумдан Боз-Адырга чейинки жол — бул эски жол. Аны сүрдүрүп башка асфальт төшөө керек. Болбосо азыркы жамап чуңкурларды толтуруу — бул элди алдоо, көз боёмочулук. Жакында президент келет деп эптеп оңдоп жатышат окшойт. Анткени бул жолдон Айгүл гүлүн көргөнү Айгүл-Тоого барышат. Жылда ушул көрүнүш, чуңкурларды толтуруп кетишет. 2 айда кайра эле мурдакы акыбал. Бул жолдон облустун борборуна 10дой айыл каттайт. Жылда жамабай асфальт төшөсө жакшы болмок», — деди Кара-Булак айылынын тургуну Абдиллаким Абдураимов.

Алдыда Баткен—Кара-Бак, Кызыл-Бел—Достук жана Таян айылынын 1 км аралыгына асфальт төшөө иштери пландалган. Андан сырткары чек арадагы Достук—Ак-Сай, Таш-Тумшук—Көк-Терек айылдарындагы 2 км жолуна асфальт басылат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️