Орус аскерлерин 3 күн тосуп, элин сактап калган Кадыр Калча уулу

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Сөөк ашуусунда 1916-жылдагы Үркүн учурунда орус аскерлерин жар боюнда 3 күн тосуп, үрккөн элдин тобун сактап калган Кадыр Калча уулу тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымат топтоду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кадыр Калча уулу мылтыгы менен Сөөк ашуусунда орус аскерлерин тосуп, үркүп бараткан элди Үзөнгү-Кууштан ашырып, Ак-Чий, Какшалдан өтүп кеткенче таш үстүндө мылтыгы менен атып, тап берип кайтарып турган.

Аксакалдар жигиттерге «Кадыр өлсө сөөгүн корумдагыла, тирүү болсо алып келгиле» деген буйрук беришет. Кадыр 3 күндөн кийин аты да, өзү да ачка жана алсыз элинин артынан бара жатканда үркүп кеткен топко жолугуп, Кытайга сапар алган. Ошол учурда Кадыр Калча уулу 17-18 жашта болгону айтылат. Ал үй-бүлөдө 9 бир туугандын улуусу болгон. Жалпы 7 бир тууганы Үркүн учурунда мерт кетип, эң кичүү иниси Асакей экөө гана калган.

Эл арасында Кадыр Калча уулу көзгө атар мерген гана эмес, бука мойнун буурай турган балбан билек болгону айтылып келет. Бапа уруусундагы Шадыкан ажынын өгүзү ороого түшүп кеткенде чапанын, баш кийимин ажыкеге карматып, ороонун бурчун тээп өгүздү тартканда бир мүйүзү Кадырдын колунда калып, өгүздү сууруп чыккан экен. Ошондо Шадыкан ажы Кадырды жети жолу камчы менен жонго чаап, «көз тийбесин» деген экен. Муну менен катар Кадырдын Туюк жайлоосунан текени бир зоодон экинчи зоого көтөрүп чыкканы айтылат.

Асакейдин уулу Жолдошбек Калчаев Кадыр Калча уулу кантип жана эмне үчүн өлтүрүлгөнү боюнча үн катты.

Пример HTML-страницы

«Кадыр чоң атам Кытайдан өз мекенине кайтып келгенден кийин эл катары дыйканчылык менен алек болуп, үй-бүлөсүн (1 уул жана 1 кыздуу болгон, экөө тең каза таап, учурда неберелери бар) асырап келген. Кийин ага контрабандалык топко аралашкан деген күнөө коюлуп, Караколдогу педагогикалык окуу жайдын короосуна алып келишкен. Айып тагуучулар барскоондук Борой деген досу экөөнө көр каздырган экен. Алгач досун мылтык менен атканда өзү казган көргө кирип кетиптир. Кадыр атамды атканда жер чапчып кыйналып жатканда түртүп атып өлтүрүп, көмүп салышкан экен. Атам бир тууганы Кадырга тамак алып барып, бул суук кабарды угуп, Караколдон Барскоонго чейин ыйлап келиптир. Бир нече жылдары бою Кадыр чоң атам боюнча маалыматтарды издей баштадым. Кийин ошол кездеги УКМКдан 1931-жылы 18-январда атылганы тууралуу кабар алдым», — деди ал.

Ал эми эл арасында тараган маалымат боюнча, Кадыр Калча уулу кезинде Үркүн учурунда коргогон айылдаштарынын бири саткынчылык кылып, «жоону тоскон» деген маалымат тараткан. Мындан улам ага айып тагылып, атылып кеткени айтылат.

2016-жылдын июль айында Үркүндүн 90 жылдыгына карата Сөөк ашуусунда эрдик көрсөткөн Калча уулу Кадырга арналып эстелик орнотулган. Бул ирет Жолдошбек Калчаев (бир тууган иниси Асакейдин уулу) таш белги жана өткөндөргө Куран түшүрүп туруучу атайын жай курган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️