Пример HTML-страницы

Орловка шаарында «Нарктуу кыргыз кызы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында «Нарктуу кыргыз кызы» сынагы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чараны мэрия жергиликтүү коомдук бирикме менен биргеликте кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын, баалуулуктарын, маданиятын даңазалоо, этностук өзгөчөлүктөрүн аныктоо, сактап калуу жана жайылтуу максатында уюштурду.

Орловка шаарынын аймагындагы мекеме-уюм, ишканаларда эмгектенген кыз-келиндер арасында сынактын тандоо туру 30-апрелде өткөрүлсө, финалдык туру кечээ, 19-июнда өттү.

Жыйынтык:

— 1-орун — Орловка №2 орто мектебинин мугалими Канышай Өмүрбек кызы;

— 2-орун — Орловка шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунун эмчи айымы Жазгүл Садвакасова;

— 3-орун — «Ромашка» бала бакчасынын тарбиячысы Сезим Рыскелдиева.

Жеңүүчүлөргө Орловка мэриясынын атынан акчалай сыйлыктар жана атайын белек, дипломдор тапшырылды. Ошондой эле Подгорное бала бакчасынын тарбиячысы Альбина Самаевага сынакка активдүү катышкандыгы үчүн диплом, белек берилди.

Катышуучулар элдик жөрөлгөлөрдү көрсөтүп, улуттук кийимди кийип чыгуу менен ал тууралуу айтып берип, кол өнөрчүлүк, улуттук тамаш-аштын түрлөрүн жасоо жана башка тапшырмаларды аткарышты.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, шаар мэри Бакыт Чанчаров, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Айгүл Курманалиева жана башкалар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE