Пример HTML-страницы

Орловка шаарында 2,4 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтүүдө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын кире беришиндеги аркадан баштап Октябрь көчөсүнө чейинки 2,4 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолдун кеңдиги 7,5-8 метрди түзөт. Азыркы тапта 2 чакырым жолдун тротуары жасалып, арыктарга лоток коюлууда. Тротуардын кеңдиги — 1,5 метр. Ал эми жолго асфальт төшөө иштери жакын арада башталат.

Ошондой эле Орловка шаарынын кире беришиндеги сейил бак дагы жасалып жатат. Тамчылатып сугаруу системасы кошо курулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE