Өлкөдөгү мектептерде пенсия курагындагы 9 миңден ашык мугалим иштейт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-августта Ош шаарында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү. Иш-чарада жалпы мектептер, бала бакчалар тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарында 2024-2025-окуу жылына карата 1-класска 8745 окуучу кабыл алынды. Ал эми бала бакчаларга орточо эсеп менен 2500дөн ашуун балдар кабыл алынган. Шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны буга чейин 45ти түзгөн болсо, президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыгынын негизинде Ош билим берүү башкармалыгы тарабынан №55 мектеп Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына, ал эми Алмалык орто мектеби Ноокат райондук билим берүү башкармалыгына өттү.

2024-жылы башкармалыкка 17 бала бакча кошулду. Буга чейин 54 мектеп болсо, 2024-2025-окуу жылына Ош билим берүү башкармалыгына караган мектептердин саны 69га жетти.

Билим берүү системасынын мугалимдери жана кызматкерлери үчүн август усулдук иш-чаралардын алкагында 15-августтан 26-августка чейин билим берүү жана илим диалогу: Кыргызстан-Казакстан, Кыргызстан-Сингапур, Кыргызстан-Россия эл аралык тажрыйба алмашуу аянтчалары түзүлгөн.

Ал эми ушул жылдын 22-26-август күндөрү райондук (шаардык), облустук усулдук иш-чаралар, анын ичинде кесиптик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор» аталышындагы кеңешме менен уланып жатат.

Пример HTML-страницы

Жаңы окуу жылына карата өлкөдө 90 миңден ашык мугалим билим берүүгө даяр. Анын ичинен быйыл республика боюнча гранттык негизде окууну аяктагандар — 1665 мугалим, жалпы билим берүү мектептерине 1199 мугалим бөлүндү. Жалпы педагогикалык багытты аяктаган (гранттык, контракт) студенттердин саны — 5760. Ал эми мектепте пенсия курагында эмгектенип жаткандардын саны 9000ден ашык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️