Өлкөдө биринчи жолу Сузакта битум чыгарыла баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-августта Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда 4 өндүрүштүк ишкана ачылды.

Анын ичинен Сузак районунун Барпы айылында Курук-Сай участкасында «Орис НПЗ» ЖЧКсынын чийки мунайды кайра иштетүүчү завод ишке берилди. Анын ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров катышты.

Өндүрүштүк мекеменин курулушу 2023-жылы башталган. Ал 15 миң тонна чийки мунайды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Мында 31 жаңы жумуш орундары түзүлүп, заводго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 255 млн сомду түзөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан ишканага 4 гектар жер аянты бөлүнүп берилген.

Буга чейин ишкана 790 тонна чийки мунайды иштеткен. Жыйынтыгында «Кыргызавтожол» ишканасына 300 тонна битум, 180 тонна дизел отуну, 50 тонна парафин, 37 тонна мазут алынган. Бул завод облусту битум менен камсыздоого мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Өлкөгө битум Россиядан келет.

Мындан башка ачылган ишканалар:

Пример HTML-страницы

— Инвестициялык көлөмү 350 млн долларды түзгөн «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын жаңы алтын ылгалоочу фабрикасы;

— Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын административдик имараты;

— «Камбар-Ата-1» ГЭСинин биринчи этабындагы узундугу 125 метрди түзгөн туннел ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️