Пример HTML-страницы

Өлкөдө өз аймагынын намысын билими аркылуу коргоп, сыймыгы болгон 92 окуучу. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстанда 2022-2023-окуу жылынын аягында 167 мектеп бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алышат.

Алардын ичинен аймактар ​​боюнча:

— Чүй облусунда — 21;

— Ош облусунда — 20;

— Баткен облусунда — 14;

— Жалал-Абад облусунда — 10;

— Ош шаарында — 8;

— Ысык-Көл облусунда — 8;

— Нарын облусунда — 6;

— Талас облусунда — 5.

Чүй облусу боюнча 21 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болду.

Сокулук районунда 6 мектеп бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» аттестатын алышат.

1. Бакытбек кызы Жибек — Новопавловка айылынын Ч.Айтматов атындагы инновациялык окуу-тарбия комплекс лицейин бүтүрүүчүсү.

Ал ата-энесинин, мугалимдеринин эмгегин актап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, дарыгер болгусу келет.

2. Жаңыл Жайлообекова — Военно-Антоновка мектеп-гимназиясын аяктады.

Келечекте IT тармагында адис болууну кыялданат.

3. Байтур Токтогулов — Керимбүбү Шопокова атындагы №3 орто мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү.

Байтурдун хоббиси кол өнөрчүлүк жана футбол ойноо. Ал келечекте дипломат болгусу келет.

4. Азира Саякбаева — Керимбүбү Шопокова атындагы №3 орто мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү.

Ал китеп окууну, сүрөт тартууну жана тамактын түрүн жасоону жактырат. Келечекте дизайнер-архитектор болууну кыялданат.

5. Роза Мусабекова — Фрунзе №1 орто мектеп-лицейин аяктаган.

Нейрохирург болгусу келет. Бош убактысында аниме [жапон анимациясы] көрөт.

6. Бермет Эгимбаева — Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Улуттук музыкалык аспаптарда ойнойт, китеп окуганды жакшы көрөт.

Компьютер инженери болгусу келет.

Токмок шаарындагы №11 мектеп-лицейинин эки бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестатын алуу үчүн билимин тастыкташты.

7. Самира Талипова 2005-жылы Ош облусунда аскер кызматкери жана мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Анын чоң атасы Сухомлинов Георгий Акимович илимпоз болгон.

И.Раззаков атындагы КМТУнун (мурдагы Фрунзе политехникалык институту) негиздөөчүсү жана биринчи ректору.

Самира кичинекей кезинен тарта сүрөт тартканды жакшы көрөт, графикалык дизайнды үйрөнөт жана аниме тартат.

8. Арина Кутумбетова баскетбол ойноону жактырат.

Ал Москвада өткөн «Дүйнөгө өз мекениң жөнүндө айт» аттуу эл аралык сынагында жеңүүчү болгон.

Ысык-Ата районунда артыкчылык аттестаты эки бүтүрүүчүгө берилди.

9. Назми Кабылбекова — Мурзалиев Арстанбек атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү.

Ал учурда чет тилдерди үйрөнүүдө. Келечекте ал саякаттоо менен бирге ийгиликтүү дарыгер болгусу келет.

10. Ясмин Абасова — Кант шаарынын Д.П.Зубков атындагы №1 мектеп -гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Химия жана биология сабактарын окуганды жакшы көрөт.

«Келечекте мен өмүрүмдү дарыгер сыяктуу маанилүү жана керектүү кесипке арнагым келет», — дейт ал.

Жайыл районунда 5 бүтүрүүчү билимин тастыктады.

11. Наталья Карпенко — Новониколаев атындагы инновациялык орто мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Ал тестирлөө мурун ойлоп жүргөндөй кыйын эмес экенин айтты.

12. Новониколаев атындагы инновациялык орто мектеп-гимназиясынын дагы бир бүтүрүүчүсү Рамиль Хисматулин.

«Биз мектепте алган билимдерибизди бекемдедик жана алар бизге мындан аркы билим алууда пайдалуу болот», — деди ал.

13. Сосновка орто мектебинин бүтүрүүчүсү — Нурсултан Эрмеков коомго пайдалуу кесип тандоону пландоодо.

14. Нурислам Абдисаматов — Жайыл баатыр атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү.

15. Нурмухамед Масирдинов — Жайыл баатыр атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү.

Аламүдүн районунда 4 окуучу кыз тесттен жогорку балл алышты:

16. Айдай Кахарова — Иманалы Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында окуйт.

Айдай жаныбарларга кам көргөндү жакшы көрөт. Келечекте жакшы билим алууну, ошондой эле саякаттоону кыялданат.

17. Диана Сабырбекова — Маев жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү.

Кичинекей кезинен китеп окуганды жакшы көрөт.

Жыл сайын тарых боюнча олимпиадаларга катышып келет. 2021-2022-окуу жылында республикалык олимпиадада 3-орунду ээлеген.

Сабырбекова келечекте адилеттүүлүктү бекем кармаган прокурор болууну кыялданат. Ал ошондой эле психология боюнча илимий эмгек жазууну көздөп жатат.

18. Медина Асанова — Горно-Маевка орто мектебин аяктап жатат.

Кол өнөрчүлдүк менен алектенгенди жакшы көрөт, бош убактысында адабий чыгармаларды окуйт.

Финансы кызматкери болгусу келет.

19. Алтынай Мамашарипова — Бер-Булак жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү.

Ал өзүн медицина тармагында хирург катары көрөт.

Панфилов району боюнча «Алтын тамга» аттестатын 2 бүтүрүүчү алды:

20. Байэл Молдокулов — К.Жумагулов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү.

21. Гүлжан Касымбекова — Ж.Болотбеков атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү.

Ош облусунан «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 20 окуучу татыктуу болду.

Ноокат районунда «Ноокат билимканасы» лицейинин жыйынтыктоочу классынын окуучулары жогорку упайга ээ болушту. Алар:

1. Нуртилек уулу Азимбек,

2. Зуура Тынчтыкбекова,

3. Олжобай Абдырахманов,

4. Мадина Жаркынбаева,

5. Самат Сүйүмбеков,

6. Назима Тешебаева,

7. Феруза Таабалдыева,

8. Диана Абдумаликова,

9. Азимбек Назаралиев.

Өзгөн районунда 4 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат. Алар:

10. Гулиза Сайдалиева — А.Тангатаров атындагы №14 интернат-гимназиясы;

11. Мадина Абдимиталипова — Б.Асранкулов атындагы орто мектеби;

12. Нурсулуу Бапышова — К.Райымбеков атындагы орто мектеби;

13. Акылай Эргешева — А.Маматов атындагы орто мектеби.

Алай району боюнча жалгыз Акматбек Кумарбек уулу гана билимин тастыктай алган. Ал Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы №4 мектеп-интернатынын окуучусу.

Кара-Суу районунда:

15. Элхан Абдраимов — К.Жакыпов атындагы орто мектеби;

16. Жаңылай Сүйүмбекова — К.Жакыпов атындагы орто мектеби;

17. Айгиз Токтобекова — К.Жакыпов атындагы орто мектеби;

18. Руслан Урустамов — К.Жакыпов атындагы орто мектеби;

19. Азиза Абдуллаева — Ч.Айтматов атындагы мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплекси.

Араван районунда:

20. Сайдислам Зайнабединов — «Билим Ордо» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү.

Баткен облусунда 14 окуучу артыкчылык аттестатын алышат.

Баткен шаарында жайгашкан Баткен облустук гимназия-жатак мектебинен 6 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушту. Алар:

1. Нурмира Абдиллаева,

2. Мираида Аскаралиева,

3. Асел Жолдошова,

4. Азирет Камалов,

5. Кутман Сайытканов,

6. Бекназар Турдубаев.

Кадамжай районунда «Алтын тамга» аттестатын 5 бүтүрүүчү алды.

7. Ибраимова Акмөөр Азизбековна — Б.Айтматов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

8. Астанов Нурсултан Козубекович — Молдо Нияз атындагы №37 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

9. Аяна Эминова — Молдо Нияз атындагы №37 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;

10. Бахтиёр Абдуллаев — «Семетей» лицейинин окуучусу;

11. Адилет Сейитов — «Семетей» лицейинин окуучусу;

Сүлүктү шаары боюнча:

12. Бегайым Шерматова —Н.Кушматов атындагы №9 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Баткен району боюнча:

13. Нуртилек Жолдубаев — Т.Садыков атындагы орто мектептин окуучусу;

Лейлек району боюнча:

14. Нурсултан Расулов — №3 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Жалал-Абад облусунда 10 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга билимин тастыктай алды. Алар:

— №96 М.Төрөмаматов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучусу Перизат Бектенова — Сузак району;

— №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучусу Айчолпон Тотуева — Тогуз-Торо району;

— Т.Кошматов атындагы №10 орто мектебинин окуучусу Гүлайша Абдыкапарова — Жалал-Абад шаары;

— №4 мектеп-гимназиясынын окуучусу Айдай Жоробекова — Жалал-Абад шаары;

— №14 С.Давлетов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Айжан Маматкалыкова —Жалал-Абад шаары;

— Фрунзе атындагы №3 орто мектебинин окуучусу Уларкан Маматаева —Кара-Көл шаары;

— №2 Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин окуучусу Айжамал Акылбекова — Кара-Көл шаары;

— №4 Ю.Гагарин атындагы мектептин окуучусу Нелли Кудайбердиева — Майлуу-Суу шаары;

— Зуура Нарматова атындагы кыздар лицейинин окуучусу Жыпара Дарбишова — Жалал-Абад шаары;

— Зуура Нарматова атындагы кыздар лицейинин окуучусу Саида Алишер кызы — Жалал-Абад шаары.

Былтыр 2021-2022-окуу жылында Жалал-Абад облусунда 11 окуучу мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган.

Ош шаарында 8 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болду. Алар:

Маалыматка караганда, Ош шаары боюнча жалпы 120 окуучу артыкчылык аттестатын алууга талапкер болгон.

«Алтын тамга» артыкчылык аттестатын ала турган окуучулар:

— Аяна Кутманова, Олимп мектеби;

— Адилет Мамашарипов, Жетиген мектеп-лицейи;

— Бурулай Камилова, Жетиген мектеп-лицейи;

— Каныкей Куштарова, ОшМУнун «Билим» лицейи;

— Мырзабек кызы Наргиза, ОшМУнун «Билим» лицейи;

— Муратбек Ажиматов, Ош «Сема» лицейи;

— Айбийке Полотбек кызы, №14 Алтыбаев мектеби;

— Мирлан Тынаев, №14 Алтыбаев мектеби.

Ысык-Көл облусу боюнча 8 окуучу «Алтын тамга» аттестатын алышат.

Балыкчы шаарында «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына бир гана Аделя Алмазова татыктуу болду. Ал К.Жакыпов атындагы №8 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу.

Аделя химия, биология сабактарына өзгөчө кызыгат. Аталган сынакка Алмазова А. окуу жылдын октябрь айынан бери даярданып келген, аны сабактан тышкаркы убакта предметтик мугалимдер даярдашкан.

Тоң районунда «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 2 окуучу татыктуу болду.

Кубанычбек Денсоолуков —Кулуке Тилеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу.

«Математика сабагы абдан жагат. «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу үчүн 11 жылдык талыкпаган эмгек жана убакыт кетти», — деди ал.

Ал келечекте программист болгусу келет.

Айдай Турмалыева — Жолоочу Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу.

«Мектепке барганга чейин эле ата-энем көп китептерди окуп беришчү. Мектеп босогосун аттаганда, билим алуунун маанилүүлүгүн, кандай мүмкүнчүлүктөр ачыларын түшүнгөн соң, окууга болгон кызыгуум ого бетер күчөдү. 5-класстан тарта сүрөт тартып, көптөгөн сынактарга катышып келем. Сүрөт тартууга, китеп окууга кол өнөрчүлүккө кызыгам.

«Алтын тамга» артыкчылык аттестатына болгон кароо-сынак боюнча эч нерсе билген эмесмин. Жыл башынан тарта даярдык көрө баштагам. Химия сабагынан кошумча сабакка бардым, калган сабактарды өз алдымча окудум», — деди ал.

Келечекте кыргыз-түрк «Манас» университетинин графикалык дизайн факультетинде окугусу келет.

Ысык-Көл районунан бир гана бүтүрүүчү Аделина Акылбекова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга билимин тастыктай алды. Ал Бостери айылынын академик Аман Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу.

«Келечекте И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, кардиохирург адистигин алгым келет. Эл керегине жараган дарыгер кыздардын бири болуу — менин башкы максатым», — деди ал.

Каракол шаарында «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 3 окуучу татыктуу болду.

Абдрасулова Айтунук Нурбековна — №11 мектеп-гимназиясынын окуучусу.

«Буга чейин 9-классты да өзгөчө күбөлүк менен аяктагандыктан, кандай даярдыктар болорун алдын ала билип калган жайым бар. Атайын окуп билим алып жаткан мектебимдин атынан чыгып жаткандыктан, катуу жоопкерчиликти аябай сезип жаттым. Суроолору абдан кызыктуу жана маңыздуу түзүлүптүр. Баардыгы мектеп курсунан алыныптыр. Мен бул тестке 5-11-класста өтүлгөн материалдарды кайталоо менен даярдандым. Муну менен катар жалпы республикалык тестирөөлөгө даярдык көрүүгө өбөлгө болду», — деди ал.

Доктурбаева Акбийкем Улановна — №11 мектеп-гимназиясынын окуучусу.

«Сынакта математика сабагынан жазып жатканда, толкундангандыктан абдан жеңил мисалды туура эмес чыгарып алдым. Бул белгилүү бир тапшырманын бөлүмү эле. Анан аягында жооп туура башка чыгып калды. Мен администраторго кайрылып, тапшырма ката экенин айткам. Ал атайын арызын толтуруп, кетип калды. Кийин ошол тапшырмада меники туура эмес экенин түшүндүм жана ал эжеде алдында абдан уялдым.

Мага окшогон бүтүрүүчүлөргө кеңешим, экзамен учурунда кабатыр болбоңуз. Тынчсыздануу убакытты жана күчтү талап кылат, көңүлүңүздү жоготосуз. Даярдансаңыз, аракет кылсаңыз, анда сөзсүз жакшы натыйжага жетесиз демекчимин», — дейт ал.

Асанакунов Даниель Айбекович — №3 мектеп-гимназиясынын окуучусу.

Буга чейин ал Каракол шаарында өткөн сынактарда ийгиликтерди жаратып келген. Аны менен катар шаардык олимпиадаларларда алдыңкы орундарды камсыздай алган.

Келечекте калктын саламаттыгын сактаган дарыгер болууну кыялданат.

Ак-Суу району боюнча 20 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга талапкерлигин көрсөткөн. Анын ичинен бир гана бүтүрүүчү Гүлдана Бактыбекова билимин тастыктай алды.

Гүлдана Бактыбекова — Теплоключенка айылынын С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу.

«Жогорку класска барганда, баа менен катар өтүлгөн сабак жашоо-турмуш үчүн керектүү экенин түшүндүм. Бирок мен кызыл аттестат алуу үчүн тест берерибизди 11-класста гана билдим. Ал жакта көп окуучулар билимин тастыктай албай каларын угуп, колдон келишинче даярдандым. Төрт сабак боюнча болгон тест биз өткөн эле мектеп программасынан түзүлүптүр. Жыйынтыгында «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алганы жатам», — деди ал.

Ал келечекте IT тармагында адис болууну каалайт.

Нарын облусунда 6 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга билимин тастыктай алды.

Ат-Башы районунда 4 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алат.

1. Таалайбекова Адинай Эсенбековна — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү.

2. Торбекова Алима Шеркожоевна — Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү.

3. Абдырасулова Айжан Албановна — Кызыл-Туу айыл аймагынын Калкан Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү.

4. Коногалиева Баян-Сулуу Бакытбековна — Калкан Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү.

Нарын шаарында 2 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду:

5. Алтынай Жолдошбекова — В.П.Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын окуучусу;

6. Жанбол Жаркынбаев — Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучусу.

Талас облусу боюнча 5 окуучу «Алтын тамга» аттестатын алышат.

Талас шаары:

1. Айтурган Каныбекова — «Мээрим» окуу-тарбия комплекс-лицейинин окуучусу.

2. Акылай Үсөнбаева — «Мээрим» окуу-тарбия комплекс-лицейинин окуучусу.

Бакай-Ата району:

3. Нурхан кызы Сезим — «Манас» мектеп-лицейнин окуучусу.

4. Айчолпон Кененбекова — Бакай-Ата районунун Молдогазы атындагы «Урмарал» орто мектебинин окуучусу.

Ал И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, хирург болгусу келет.

5. Айгерим Уланова — Айтматов районунун Токтогул Бабанов атындагы лицей-интернатынын окуучусу.

Бишкек шаары боюнча 76 бүтүрүүчүгө «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты тапшырылды.

Быйыл сынакка 2023 окуучу катталган. «Алтын тамга» сынагы үчүн 19 тестирлөө пункту уюштурулган.

Былтыр Кыргызстан боюнча 80 мектеп бүтүрүүчүсү кызыл аттестат алышкан. Атайын үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тестирлөөгө 2141 окуучу катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE