Окуянын катышуучулары жасаган жоруктары боюнча түшүндүрмө беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө аял менен эркектин видеосу тарагандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары кескин сынга алышкан. Окуянын катышуучулары видеодо тартылган жоруктар боюнча түшүндүрмө беришти.

«Чындык ордунан козголгончо, жалган дүйнөнү жети айланып келиптир. Кечээ Гүлмира Нурмамат кызына учуктоо жүргүзүп жатканда, жолдошу видеого тартып жаткан. Адамды башын көтөрүп, кайра сууга малып, учуктоо кыргыз элинде гана эмес бардык элдерде бар. Cуу чачып учуктаган ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан нерсе. Интернетте деле чочутуп дарылоо (шоковая терапия) деген бар. Организмди, кыскасы нервди оордуна келтирүү. Биз жөнүндө кечээ туура эмес маалымат кетип калыптыр. Анын күнөөкөрү бул жак (Гүлмира Нурмамат кызы). Өзү күйөөсүнө тарттырып, өзү интернетке чыгарып жиберген экен. Бул нормалдуу көрүнүш, кылдан кыйкым издеген туура эмес», — дейт Өмүрбек Жалилов.

Ал эми Гүлмира Нурмамат кызынын жолдошу төмөнкүлөргө токтолду.

«Туура түшүнүңүздөр. Ойноп эле тартылып калган нерсе. Суу бүркүп учуктап, илгери эле чоң энелерибиз колдончу. Канча деген чочуган балдар, эжелер жакшы болуп кетип жатат. Бул эч кандай зыяны жок нерсе», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көлдө эркек киши аялды сууга чөктүргөн окуяны милиция териштирип жатканын жазган. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя боюнча арыз түшкөн эмес.

Бирок окуяны териштирүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, аталган окуянын катышуучулары ден соолук чыңдоочу процедура жасап жатканын айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️