Пример HTML-страницы

Окуучуларды ойго салган каталар (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-2024-окуу жылы башталары менен окуучулар жана ата-энелер дубалда илинип турган баннерлерден, окуу китептеринен, күндөлүктөн оркойгон каталарды таап, билим берүү мекемесине бир топ ишенбөөчүлүктөрүн артып жатышат.

Алардын тарткан видеолору интернет желесине тарап, социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууларга алынууда.

Анын ичинде кыргызга эмгеги сиңген инсандардын сүрөтүнүн алдына туулган жана каза тапкан жылы туура эмес жазылгандыгын байкоого болот. Мисалы, белгилүү хирург Иса Ахунбаевдин сүрөтүнүн алдындагы жазууда 1916-жылы төрөлүп, 1908-жылы дүйнө салгандыгын көрүүгө болот. Ал эми манасчы Жусуп Мамайдын 1816-жылы туулуп, 2014-жылы көз жумгандыгын байкоого мүмкүн. Жазылган каталардын натыйжасында Иса Ахунбаев жарыкка келбей жатып каза тапканы, Жусуп Мамай эч ким чыкпаган 198 жашка чейин жашаганы окуучуларды ойго салууда.

Муну менен катар мектептеги дубалга кыргыз макал-лакаптары да илинген. Анда «Коноктон үрккөн бээ жаман, төшөктөн үрккөн эр жаман» деген жазуу көпчүлүктүн көңүлүн буруп, окуучулардын жаш курагына туура келбестиги айтылган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген кыргыз адабияты, Кыргызстан жана дүйнө тарыхы, информатика, биология, дил азык жана башка китептердин бетин ачканда эле 1-класстын окуучусу таба турган оркойгон каталар аныкталган.

Интернетке тарап, талкуу жараткан видеолордун топтомун көрүүнү сунуштайбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы