Пример HTML-страницы

Окуучу кыздар да үйрөнүп жатышат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКүз аяктап, жыйым-терим токтогон мезгилде Лейлек районунун Лейлек айылынын кыз-келиндери жыйылып, атактуу жүл килем, арави килемдерин согуп башташат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Алардын айтымында, учурда жумуш айылда кызуу. Өздөрүнүн койлорунан алынган жүндөрүн чогултуп, жип ийрип, килемдерди даярдашууда. Айылдагы байбичелерден тарта окуучуларга чейин чогулуп, кызуу кептен салышып, оюн-күлкү менен ары дегенде бир жумада бир килемди согуп коюшат. Алдын ала буйрутма алышып, буйртма жок кезде Лейлек базарына алып чыгышат. Кирешени тең бөлүшүп, бизнеске айлантышкан.

Айылдагы жаштарга килем токуунун сырларын бөлүшкөн Бүкатыча Бөрүбаева жаш кезинен бери килем согуп келет. Ага эжелери үйрөткөн.

«Мен окуучу кезимден бери килем согуп келем. Мага эжелерим үйрөткөн. Азыр эми өзүм келин-кыздарга үйрөтүп келем. Мында өзүбүздүн койлордун жүндөрүн алып, ийрип жип кылып, өңгө салып андан жүл килем, арави килемдерди токуйбуз. Бизде ушул 2 түрү чыгат. Жүл килемди ак, кара өңгө салынып, ар кандай чиймелер, гүлдөр менен токуйбуз. Мында азыр токуп жаткан арави килемин 15-20минден сатабыз. Бул түксүз токулат.

Азыр бизде сезон. Кыз бергендер сөзсүз алышат. Буйрутмалар түшүп турат. Жыйым-терим бүткөн баары үйдө бекерчи болушат. Түшкөн кирешени тең бөлүп алабыз», — деди ал.

Учурда жүл килемдин баасы 50 миң сом. Ал эми өңгө салынып боёлгондору 40 миң сом. Арави килемдер 20 миң сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE