Октой учкан күлүктөрдү таптаган Рысманбет Дүйшөнбиев Америкага барып, тажрыйба топтоп келди

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунун Сулуу-Маймак айылынын 65 жаштагы тургуну Рысманбет Дүйшөнбиев саяпкерликти аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча зооинженер.

«1983-жылы Айыл чарба институтунун зооинженер бөлүмүн аяктагам. Андан кийин Жайыл районунда өзүмдүн адистигим менен иштедим. Союз тарагандан кийин чарба болуп бөлүнгөндө кооператив түзүп, 2003-жылга чейин жер менен иштедим. Андан кийин нефтебазада иштеп жүрдүм», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле саяпкерликке бала кезинен эле кызыгарын айтып берди.

«Саяпкерликке бала кезимден кызыгып келгем. Башкы зоотехник болуп иштеп жүргөндө эле өзүм ат таптап, күлүк чаап, оюндарга катышып жүрдүм. Андан кийин өзүбүз жеке менчик жылкы чарбасын түптөдүк. Бир тууган иним ат суутуп, саяпкерликти алып кетти. Мен болсо, асыл тукум жылкыларды селекциялоо менен алектенип жатам. Азыр бизге дүйнө жүзүнөн асыл тукум аттарды алуу мүмкүн болуп калбадыбы. Мыкты деген айгырларды алып келип, көбөйтүп жатабыз. Мисалы, Чехословакиядан келген Манзур деген аттын тукумунан алып келдик. Англис породасындагы асыл тукумдарды көбөйтүүгө көп аракет кылып жатабыз.

Пример HTML-страницы

30 жылдан ашык убакытта көп асыл тукум жылкыларды чыгардык. Коңшу Өзбекстан, Казакстан, Россияга көп күлүктөр сатылып кетти. Бизден кеткен аттар ал жактарда чоң байге утуп жатты. Алган ээлери сүйүнчүлөп айтып турушат. 2006-жылы Ноорузбай баатырдын мааракеси болуп, Актаноо деген атты сатканбыз. Ошондо ошол эле алган күнү ээсине жаңы үлгүдөгү жол тандабас утуп берген эле. Өзүн актады деп кубанычы коюнуна батпай кеткен.

Биздеги эң чоң байге — президенттин кубогу. Биздин аттар 3 жолу президенттин кубогун утушту. Карашумкар, Чагылган деген аттарыбыз утту. Өткөн жылы 31-августта Байтик баатырдын мааракесинде 96 ат жарышка түшүп, биздин Карашумкар деген ат биринчи келди. Президенттин колунан батирдин ачкычын алдык. Карашумкар деген атыбызды 100 миң долларга бер деп келишти. Бирок сатпай койдук. Башка тайлар 3 миң доллардан жогору сатылып жатат.

Былтыр Америкага барып келдим. Ал жакта тажрыйба алмашуу үчүн Лос-Анджелесте «Санта-Анита» деген ипподромго бардык. Ал жактан дагы өзгөчөлүгүн көрүп, өзүбүздүн жергебизге алып келип жатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️