Ок чыгарган адам камакта калтырылды (видео)

TurmushОш облусундагы Кара-Суу шаарында жаңжалдашып кетип, тапанчадан ок чыгарган жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук соту 14-мартта шектүүнүн баш корго чарасын карап, эки айга камакта калтырган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 12-март күнү Кара-Суу шаарындагы Гагарин көчөсүндө 33 жаштагы У.А.га тапанча менен ок чыгарган 36 жаштагы А.У. колго түшүрүлгөн. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө У.А. менен карыздын айынан чыр чыккандыгын айткан. Анын жанынан МР 79-9ТМ 9 мм калибирлүү травматикалык тапанчасы жана 5 даана ок алынган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылыш-жаза кодексинин 37-беренеси («Кылмыш жасоого аракеттенүү»), 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») 2-бөлүмүнүн 5-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Октон жаракат алган жаран Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилди. Ал сол бутунан жана башынын маңдай тарабынан жаракат алган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️