Пример HTML-страницы

Нуркан Сулайманова уулун бир үй-бүлө барымтага алып, 80 миң сом талап кылганын айтып берди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 14 жаштагы баланы барымтага алып, 80 миң сом талап кылган жарандар мыйзам чегинде жазага тартылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында аталган өспүрүмдүн апасы Нуркан Сулайманова билдирди.

Анын айтымында, окуя 2024-жылдын 14-июнь күнү болгон. Уулун мектепте экзамен тапшырып чыгып келе жатканда белгисиз адамдар күч менен унаага салып, алып кетишкен. Алар балага 8-9 саат суу же тамак-аш бербей, жада калса дааратканага чыгарбай, белгисиз жайда кармап отурушкан.

«Мен жабырлануучу Нуркан Сулайманова. 2024-жылдын 14-июнь күнү уулумду мектепте экзаман тапшырган маалында белигисиз бир аял эки баласы жана күйөөсү менен унаага салып кетишкен. Мага саат 10:00 чамасында же 10:00дөн өткөндө кабар келди. Баламдын мектептин ичинде турган сүрөтү келди. «Сен мага акчаны алып кел» деп, 80 миң сом талап кылды. Аты-жөнүн айткан жок. «Кандайсың?» деп туруп эле баламдын сүрөтү келди. Андан кийин «сенин жолдошуң мага 80 миң сом карыз» деп айтты. Менин жолдошум жок. Ал 2016-жылы каза болуп калган. Үч балам бар. Үчөөнү жалгыз тарбиялап келем», — деди ал.

Сулайманова уулун барымтага алгандар дарегин айтпай, акчаны онлайн которуп берүүнү талап кылганын белгиледи.

«Эмне кылууну билбей тааныштарыма чалсам, эч ким жардам бере алган жок. Ал аялга чалып, дарегин сурасам, «акчаны онлайн котор, анан балаңды аласың» деди. Ошентип ортодо эки саат убакыт өттү, дарегин айтпай койду. Кыжаалат болуп үйдө отура албай, көчөгө чыктым. Мектебине бардым, айланасынан тапкан жокмун. Агайына байланышка чыксам, «балаңыз экзамен тапшырып кетти» дешти. Андан кийин кайра телефон чалдым, «акчаны котор, анан сага балаңды берем» деди. Айлам кетип, милицияга кайрылып, 102 кызматына чалып, кабар бердим. Ыкчам кызматкерлер мага байланышка чыгышты. Аталган аял дагы деле дарегин айтпай жатты. Ыкчам кызматкерлер «бир аз күтүп туруңуз, балким айтып калар дарегин» дешти. Мен кайра-кайра чала бердим, дарегин айтты. Айтылган дарекке саат 16:30-17:00 чамасында барып, балам колубузга тийди. Бала нес абалда болуп, коркуп калган экен. Баламдан сурасам, «апа, мени жада калса дааратканага жөнөткөн жок» деди. Бизди Ош шаардык ички иштер башкармалыгана алып барды. Балам даараткана барууга суранып жатты, ал титиреп калыптыр», — деди ал.

Нуркан Сулайманова шектүүлөр кылмыш болгон жайда колго түшүрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бирөө качып кетип, үчөө кармалган. Бирок окуя болгон күндөн бери бул иш боюнча бирине да кылмыш иши козголбой, алар эркиндикте жүргөнүнө нааразы.

«Ошол күндөн баштап эч жерден акыйкаттык таппай жатам. Шектүүлөр ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалган. Алтын саткан жерде Ф. деген эже экен. Мен аны өмүрү көргөн эмесмин, алтын базарга өмүрү барган эмесмин. Ошол жерде атын уктум. Милиция кызматкерлери атын сураганда ошол жерде өзү айтты. Мен алтын эмес, бижутерия да тагынбайм. Балдарым аман-эсен чоңойсо, ушуларды жакшы тарбияласам деп өзүм батирден батир көчүп, үй-жайым жок жүрөм.

Алар кармалган күнү ыкчам кызматкерлер да, тергөөчүлөр дагы баламдын жашы жете элек экенин айтып, ишти карап, шектүүлөрдү камап бере турганын айтышкан. Бир аздан кийин «прокурор чакырып жатат» деп, прокуратурага кетишти. Келгенден кийин эле опрелер да, тергөөчүлөр да жок болду.

Мен кечээ прокурордун орун басарына кирдим. «Балаңызды экспертиза кылабыз, экспертиза таза чыкса, биз камай албайбыз, экспертиза таза чыкса кантип кылмыш ишин козгойбуз?» дейт. Али кылмыш ишин козгой элек. Болбосо опрерлер, милиция кызматкерлери баары ошол кылмыш болгон жерде аларды колго түшүргөн. Баламды унаада кармап отурушкан. Мени Навои паркына чакырды. Барсам, аял өзү отуруптур. Ысыкта балам отурган унаа күндө туруптур. Балам отурган унаа сыртынан бекитилиптир. Аны мен барганга чейин унаадан түшүргөн эмес. «Унаадан түшсөң өлөсүң» деп коркутушкан. Дааратканага барууну суранса, жөнөтпөптүр. Эки чоң баласы бар экен. Күйөөсү, аял өзү, эки баласы, жалпы төртөө. Булар бир үй-бүлө», — деди ал.

Сулайманова баласын барымтага алгандар анын иштеген жерине чейин барып, абийирине шек келтире турган сөздөрдү айтып, басмырлап жатканын айтат.

«Жеке жашоомо өтө оор сөздөрдү айтып, иштеген жериме да барышты. «Муну иштен бошоткула, ишке албагыла, силер да жабыр тартасыңар. Бул баласын саткан аял. Акчага үчүн баласын сатат» деп жок эле жалаа-күнөөлөрдү коюп келет. Ошол күндөн бери ишке чыга элекмин. Мен иштебесем, бул балдарымды ким багат? Ким жардам берет? Балам ошол күндөн бери жакшы сүйлөй албайт. Эки күн тамак жебей жүрдү. Өзүнчө эле титирейт. Эшикке алып чыгайын десем, «апа, мен чыкпай эле коеюнчу» деп эшикке чыкпайт», — деди ал.

Ал эми Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE