Пример HTML-страницы

Нурайым Сабитбекова дасторкондун көркүн ачкан идиштерди жасоо менен алек

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын 33 жаштагы тургуну Нурайым Сабитбекова үйдө отуруп акча табууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Өзүнүн айтымында, Нарын шаарында чоңойгон.

«Үйдө 3 бала менен кантип иш баштоону ойлондум. Бул ишти билгендерден онлайн мастер-класс сатып алып, окуп үйрөнгөм. Жашылча жемиштерди кесип салганга атайын күзгүдөн жасалган идиш жасайм. Бул идиш учурда аябай популярдуу. Көбү кызыгып алышат, дасторкондун көркүн ачат. Бишкек шаарынан керектүү буюмдарды алдыртам. Материалдарга эле бир топ акча катет. Ошондуктан бир идиш 1100 сомдон.

Балдардан, үй тиричиликтерден бош убакыт деле калбай калат. Балдарымдын улууларын мектепке узатам, кайра аларды тосуп алып, кошумча ийримдерге узатам. Көкүрөк күчүгүм 1 жаштан ашты.

Алдыга койгон максаттар көп. Баарынан да негизгиси — балдарыма татыктуу тарбия жана билим берип, коомго кошуу», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE