Нооруз майрамында Кара-Балтада өрүк гүлдөдү. Сүрөт

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында 21-март — Нооруз майрамында өрүк гүлдөдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Абанын температурасы +5 градустан жогорулаганда эле өрүктүн бүчүрү гүл байлап баштайт. Эгер күн кайра сууктап кетсе, бүчүрү тоңуп калат. Ал эми күн жылып кетсе, кайрадан гүлдөп баштайт.

«Бир нече күн мурун абанын температурасы +2 градус эле болуп, айрым жерлерде кар бар болчу. Бүгүн өрүктүн гүлү ачылды. Бир аз убакыттан кийин Кара-Балтадагы бак-дарактар ак-күлгүн түскө боёлот», — дешти жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️