Ноокендин Бүргөндү-Достук айыл аймагында 15,2 млн сомго өрт өчүрүү бөлүмүнүн имараты курула баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматынын жаңы имараты курула баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, капсула салуу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты.

Өрт өчүрүү кызматынын жаңы имаратынын сметалык баасы 15 млн 270 миң сомду түзөт. Имараттын курулушуна Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 14 млн 270 миң сом акча каражаты бөлүнсө, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Ошондой эле, облус башчысы Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагынын Эски Кочкор-Ата айылындагы сел тосмонун абалы менен таанышты. Сел тосмо ушул жылдын июнь айында катуу жааган жаандын кесепетинен жараксыз абалга келген. Анда ал сел тосмону бекемдөө боюнча иш-аракеттер колго алынаарын айтты.

—————————————————————

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush 17-июнда Ноокендин Момобеков айыл аймагында орун алган сел кырсыгында Мураталиевдердин үй-бүлөсү турак жайынан айрылганын жазган.

«Быйылкы жылы табигат кырсыгынан экинчи жолу жапа чегип жатабыз. Алгач 22-апрелде сел жүргөндө сел суулары мал сарайды, короо жайды каптаган. Анда да үй-бүлөмдү алып, адырды көздөй качканбыз. Андан кийин орун алган селде да алгач нөшөрлөп жамгыр жаады, андан көп өтпөй эле айылдашым мотоцикл менен келип: «Мамат аке бийиктиги электр түркүгүндөй болгон катуу сел келе жатат, коопсуз жайга качыңыз» деп кетип калды. Ошол замат үйдөгү документтерди, неберелеримди, балдарымды алып, кырды көздөй качып, автобуска чыгууга жетишип калдык. Арадан 5 мүнөт өтпөй сел келди. Кыян короо жайды каптап, 15 чакты тоогуму агызып, жашап жаткан үйүбүз, мончо, ашкана баарын каптап, дубалдарын бузуп, ичиндеги буюм-тайымдардан бери агызып кетти. Быйыл малдарды жайлоого кетирип, 2 баш музоону алып калып, кошунанын короосуна аркандап койгом. Бактыга жараша алар аман калышыптыр. Селден кийин үйдө кийим-кече, тамак-аш, эч нерсе калбаптыр. 7 киши, алардын ичинен үчөөсү жаш балдар, арасында 1 жашка чыга элек неберем бар. Алар менен бирге жардамга келген азык-түлүктөр менен кырдын башында токтоп турган автобуста күн кечирип жатабыз. Сел келгенине 1 апта болду. Бирок үйгө барып, тазалап, бузулган үйдү калыбына келтирүүдөн кооптонуп жатабыз. Жергиликтүү бийлик бийик дөңсөдөн жер берсе, там салмакпыз. Азыр күн ысыкта эптеп адырда жашап жатабыз. Эртең кыш келсе, кантерибизди билбей турам», — деген Маматбек Мураталиев.

17-июнда Момбеков айыл аймагынын Бостон жана Эски Кочкор-Ата айылдарында сел жүрүп, 102 турак үйдүн короо жайын каптаган. 27 үйдүн ичине сел суулары кирген. Табигат кырсыгынан 10 жаштагы бала каза болгон. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Кадырбек Абдыжапаров жаратылыш кырсыгынан 2 турак үй жараксыз абалга келгенин кошумчалады.

«Селден улам 7 баш ири мүйүздүү мал, 5 баш торпок, 1 баш кой өлгөн. Аны менен бирге каптаган кыян 2 үйдү жараксыз абалга алып келген. Аларга жергиликтүү бийликтен колдоо көрсөтүлөт. 2023-2024-жылга карата сел орун алган Бостон жана Эски Кочкор-Ата айылдарында жалпы 38 үй камсыздандыруудан өткөн. Анын ичинен 8 үйдү кыян каптаган», — деди К. Абдыжапаров.

21-июнда дагы нөшөрлөп жааган жаандан улам ошол райондун Алиев, Садырбеков айыл аймактарында сел жүрүп, 152 турак жайдын жана 2 социалдык объектинин, 1 жеке менчик пахта иштетүүчү заводдун короосун, анын ичинен 9 турак жайдын ичин, Бишкек—Ош автоунаа жолунун 523-чакырымын сел каптаган. Кырсыкты калыбына келтирүү үчүн 120 куткаруучу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️