Ноокендеги тургун топтошуп турган балдарга ок чыгарган. 15 жаштагы окуучу жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда 15 жаштагы мектеп окуучусу ок тийип каза болду.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя 26-августта райондун Шайдан айыл аймагынын Шайдан айылында болгон.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, октон көз жумган окуучу аталган айылдагы Сатаров меетебинде окуп жаткан. Быйыл 10-класска бармак.

«Маркум Эркин (аты өзгөртүлдү) үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси болчу. Ал 26-августка караган түнү айылдагы почтанын имаратында турганда ушул эле айылдын 1981-жылы туулган тургуну топтошуп турган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик куралы менен ок чыгара баштаган. Ок Эркиндин башына тийип, ал окуя болгон жерде өзүнө келбей каза болуп калды. 27-август күнү маркум жерге берилди», — деди айыл тургуну.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул окуя Ноокен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголду.

Пример HTML-страницы

«2023-жылдын 26-августуна караган түнү саат 00:30 чамаларында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну — 1981-жылы тулуган С.Б. Шайдан айыл аймагындагы почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик ок атуучу куралы менен бир ирет ок чыгарган. Анын аткан огу Шайдан айыл аймагынын тургуну — 15 жаштагы баланын баш тарабына тийип, ал алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары 1981-жылы туулган С.Б. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️