Ноокендеги тургун 15 жаштагы жээнине ыпылас аракеттерди жасоого шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда 15 жаштагы өспүрүм кызга 52 жаштагы таякеси ыпылас аракеттерди жасоого шектелип кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Адыр-1 айылынын 1972-жылы туулган тургуну К.Б. өзүнүн М.А. аттуу жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул факты 2024-жылдын 12-октябрь күнү Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыпылас аракеттер) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.А. аттуу жашы өспүрүм көрсөтмөсүндө 2022-жылдан тарта таякеси Б.К. анын дене мүчөлөрүнөн кармалап, мас абалда келген учурда мажбурлап эки санынын ортосуна жыныстык кумарын кандырып жүргөндүгүн билдирген. Ал эми Б.К. көрсөтмөсүндө жээни М.А. өзүнүн муктаждыктары үчүн акчалай жардам сурап, ал үчүн өзү эки санынын ортосуна жыныстык кумарын кандырып берүүнү сунуштап, 2023-жылдын сентябрь айында бир ирет жана 2024-жылдын март айында дагы бир ирет анын эки санынын ортосуна жыныстык кумарын кандыргандыгын билдирген.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 2024-жылдын 13-октябрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 1972-жылы туулган Б.К. Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пример HTML-страницы

Ал эми 2024-жылдын 14-октябрь күнү Ноокен райондук соту тарабынан шектүү Б.К.нын баш коргоо чарасы тандалып, 2 айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️