Пример HTML-страницы

Ноокендеги айылдарга сел агызып келген жаныбарлар коопсуз жайга чыгарылып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абадда селдин кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ноокен районунун Алиев, Садырбеков айыл айыл аймактарында 21-июнда болжол менен саат 21:40та тынымсыз жааган жаандан улам сел жүрүп, 152 турак жайдын жана 2 социалдык объектинин, 1 жеке менчик пахта иштетүүчү заводдун короосун, анын ичинен 9 турак жайдын ичин, Бишкек—Ош автоунаа жолунун 523-чакырымын сел каптаган.

Жеринде кырдаалды жоюу үчүн жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары, инженердик техникалары жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн куткаруучулар тартылып, сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштарын алып барышууда.

Сел каптаган аймактар тиешелүү адистер тарабынан залалсыздандырылып, сел суу менен агып келген жаныбарлар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылууда.

Учурда сел каптаган 178 турак жайдын 60 пайызы тазаланды.

Жарандык коргоо кызматтарынан турган комиссия тарабынан сел каптаган турак үйлөрдү, айдоо жерлерди, ички чарбалык жолдорду жана көпүрөлөрдү аныктоо, келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштери жүрүүдө.

————

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 21-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Саат 23:00дөн тартып төмөнкү аймактарда нөшөрлөгөн жамгыр жаамак:

— Баткен облусунун Кадамжай районунда

— Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон райондорунда

— Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда

— Чүй облусунун Жайыл районунда.

Ошондой эле 22-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE