Ноокенде ЖКККБ кызматкерин «сайып» саларын айтып коркуткан жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда ЖКККБнын кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-октябрь күнү Ноокен РИИБи боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын улук сержанты Т.К. арыз менен кайрылган. Ал Ноокен районунун аймагында Бишкек—Ош жолунда кызмат өтөп жаткан учурунда, жолду бөлүп турган эки узун сызыкты кесип өтүп, карама-каршы тилкеге чыгып келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын токтоткон. Айдоочуга жол эрежесин бузгандыгын айтып документтерин сураган учурда, айдоочу документтерин берүүдөн баш тартып, ызы-чуу салып, кызматтык кийимине асылып, погонун жулуп, жакалап ары-бери сүйрөп, колуна миздүү темир алып, «сайып коём» деп зомбулук көрсөткөндүгүн билдирип, жогорудагы айдоочуга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган факт боюнча Ноокен РИИБи боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын улук сержанты К.Т.га кол салган жаран Ош облусунун Ноокат айыл аймагынын 2001-жылы туулган тургуну А.А. экендиги аныкталган. Ал өзүнүн берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнөрүн билдирген.

Ал эми 2001-жылы туулган А.А. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катарында Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пример HTML-страницы

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️