Ноокенде сай жээгине курулган ашканалар буздурулду (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокен районунун Садырбаев айыл аймагында сел каптоо коркунучу бар сайдын жээгиндеги жеңил конструкциядагы соода түйүнү жана 4 ашкана буздурулду. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Матназаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин сайда суунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуулук жаралган.

«Садырбаев айыл аймагындагы борбордук базарын Эски-Масы сайы аралап өтөт. Бирок жаан-жааган учурда кокту-котолоттордон суу түшүп, сайдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, соода жайларына кооптуулук жаралат. Мындан улам кырсыктардын тобокелдигин жоюу максатында атайын техникалар жана куткаруучулар, жарандык коргону бөлүмүнүн адистери тартылып, сай жээгиндеги 4 ашкана жана жеңил конструкциядагы соода түйүндөрү, контейнерлер буздурулду. Аны менен катар адистер курулуш материалдары сайга түшүп, сууну бөгөп калуу кооптуулугу жаралган жерде да жумуштарды алып барууда. Мындай иш аракеттер алдыңкы күндөрү да улантылат», — деди Матназаров.

  • Ушул жылдын 21-июнунда Ноокен районунун аймагында нөшөрлүү жаан жаашынан улам Эски-Масы сайынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, сайдын ичинде, жээктеринде курулган 4 ашкана кооптуу абалга келип, агындылар сайдын бөгөп калган учур орун алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️