Пример HTML-страницы

Ноокенде пияздын баасы 6 сомго чейин түшүп, дыйкандар карызга батты. Тынчтыкбек Айтиев 2 млн сом сарптаган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда пияз өстүргөн дыйкандар чыгымга учурап жатат. Пияздын баасы 6 сомго чейин түшүп кетти. Бул абал дыйкандардын эмгегин актамак тургай, чыгашага кептегенинен кабар берет. Turmush басылмасынын кабарчысы абалды жеринен көрүп келди.

Пияз негизинен Ноокен районуна караштуу Арал аймагында көбүрөөк эгилет. Акыркы 5-6 жылдан бери жергиликтүү калк пияз эгип, жакшы пайда көрүп келе жаткан. Быйылкы жылдагы пиязга болгон баанын төмөндөп кетүүсү дыйкандарды катуу убайга салды. Айрымдары пияздын түшүмүн жыйноого көңүлдөнбөй жүрүшөт.

Талаадан 20дай дыйкан пияз жыйнап жатканын көрүүгө болот. Арал айылынын тургуну Тынчтыкбек Айтиев 4 гектар аянтка пияз эккен.

«Быйыл 1 гектар жерге пияз эгүүдөн жыйноого чейин жалпы чыгаша 500 миң сомду түздү. Жөнөкөйлөтүп алганда бир килограмм пияз 10 сом менен бышты. Бул жакшы түшүмдүүлүк үчүн кетирген каражат. Ал эми үнөмдөө жолу менен алганда 8 сомго бышыргандары да бар. 1 гектардан 50 тонна түшүм болсо, ошонун чыгашасы араң өзүн жапкыдай болуп турат. Биздин эгин талаабызда пияздын түшүмдүүлүгү 40-50 тоннадай болууда. Эми өзүн-өзү толук жаппай калышы мүмкүн. Гектарынан 15-20 тонна алгандар көп, алар өтө эле аркага кетип, көп чыгымга кабылышты. Дыйкандардын 90 пайызы карызга батты. Пияз эккендер көбүнчө насыя же карыз алышат. Эми алар жумушчулардын эмгек акысына эптеп таап берген бойдон калышат. Мен ошол дыйкандарга зээним кейип турат. Россияга экспорт болчу, быйыл бул боюнча сөз укпай жатам», — деди ал.

Дыйкан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги пиязды логистикалык борборго сактап турууну сунуштап жатканын кошумчалады. Ал эми дыйкан логистикалык борборго алып барган менен пияздын баасы көтөрүлбөй калса, дагы чыгым көбөйөт деген ойдо.

«Логистикалык борборго баруу үчүн да унаага, аны жүктөгөнгө да тыйын кетет. Кокус пияз баасы көтөрүлбөй калса, дагы чыгым көбөйөт. Андан көрө 6 сом болсо да ушул жерде эле берген бизге ыңгайлуу деп ойлойм. Быйыл дыйкандарга катуу сыноо болду окшойт. 4-5 жылдан бери жакшы эле киреше таап келгенбиз. Былтыр пияздын баасы 39 сомдон башталып, акыркыларын 12 сомго чейин сатканбыз. Канчалаган дыйкан жашоосун оңдоп алган болчу. Быйыл болсо пияздын баасы 10 сомдон башталды. Пияз жыйналган сайын баасы түшүп баратат. 1 күн мурун 7 сомдон сураганда бербей ойлонуп туруп калсак, бүгүн 6 сомго туштү. Пиязды жеринде көпкө сактай албайсың, арга жок батыраак сатуу керек. Пияз менен алектенгендерге вариантка берип жатабыз», — дейт ал.

Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Рахматовдун айтымында, чындыгында дыйкандар кыйналып турушат.

«Бул боюнча биз министрликке да маалымат бергенбиз. Мамлекеттик деңгээлде иштер каралып жатат. Министрлик логистикалык борбордо кармап турууну сунуштаган, айтып жатабыз. Бирок дыйкандар эгин талааларынан эле сатып жатышат», — дейт ал.

Быйыл Ноокен району боюнча 1000 гектарга жакын жерге пияз эгилген.

Буга чейин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жергиликтүү дыйкандар жана экспорттоочулар менен жолугушкан.

Жолугушуга Экономика жана коммерция министрлигинин жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү дагы катышып, анда Кыргызстандагы пиязды сыртка чыгаруу жана ага болгон суроо талап маселеси көтөрүлгөн. Россия менен Казакстандын базарында пиязга болгон суроо-талап кескин түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстанда өндүрүлгөн пиязды экспорттодо маселе келип чыкканы айтылган.

Дыйкандар учурда пияздын баасы 1 кг үчүн 12-13 сом экенин айткан болчу.. Экспорттоочулар Россияда анын баасы орточо 26 рубль болсо, ташууга корогон каражат 18 сомдун тегереги болуп жатканын айтып, чыгымга учурап жатканын билдиришкен.

Министрлик ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө пиязга болгон баа нормадан ашыкча эгилгени үчүн кескин түрдө түшүп кеткенин билдирген. Коңшу өлкөлөрдөгү кырдаал Кыргызстанда кайталанбашы үчүн пияздын быйылкы түшүмүн баа турукташканга чейин кампаларда сактап турууну сунушталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE