Пример HTML-страницы

Ноокенде кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Рахматов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы жалпы 3280 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилген.

«Ушул тапта район аймагында кылкандуу дан эгиндери жыйналып баштады. Бул боюнча райондук мамлекеттик администрациянын да буйругу чыккан. Менимче 20-июнга чейин жапырт орулуп-жыйналат. Бул жылы райондо 3100 гектарга буудай, 180 гектарга арпа эгилген. Дыйкандар түшүмдүүлүк мол болуп жатканын айтууда.

Район аймагында түшүмдү оруп-жыйноо үчүн комбайндар жетиштүү санда. Аны менен катар райондо буудайды кабыл алчу жалгыз кампа бар, ал 3 миң тоннага чейин буудайды кабыл алат. Андан сырткары 3 үрөнчүлүк чарбасы иш алып барат», — деди Рахматов.

Ал оруп-жыйыноо иштери жаңы башталгандыктан 1 гектардан канча түшүм жыйналып жатканы тактала элек экенин кошумчалады.

Ноокен районунда жалпы 19 миң 368 гектар суулуу айдоо аянты, 1575 гектар кайракы жер бар. Быйылкы жылы райондогу 1027 гектар жер жаңы өздөштүрүлдү.

Бул жылы Ноокенде 4171 гектарга жүгөрү, 400 гектарга шалы, 3800 гектарга жашылча, 700 гектарга бакча өсүмдүктөрү, 3800 гектарга пахта, 200 гектарга картошка, 50 гектарга май өсүмдүктөрү жана 4719 гектар аянтка көп жылдык тоют өсүмдүктөрү эгилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE