Ноокенде 5 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда 5 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Сакалды аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Замирбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Э.Алиев айыл аймагындагы иш-чарага милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Талаада, жол жээктеринде өскөн жапайы кара куурайлар жок кылынды.

«Жалпы 5 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү. Мындай саамалык жыл сайын уштурулуп келет», — деди Сулайманов.

Кара куурай Кыргызстанда баңгизаттардын курамына кирет жана аны өстүрүүгө, товар катары жүгүртүүгө тыюу салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️