Пример HTML-страницы

Ноокенде 1500 тонна болгар калемпирин эки өлкөгө экспорттоо пландалууда. Түшүм жыйноо кызуу жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда болгар калемпиринин түшүмүн жыйноо иши кызуу жүрүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бул жашылчанын баштапкы баасы талаада 80 сомдон жогору болсо, бүгүнкү күндө 35-40 сомго бааланууда. Райондон Россия жана Казакстанда 1500 тоннадай болгар калемпирин экспорттоо пландалып жатат.

Ноокен районунун Арал айыл аймагынын тургуну Сайипрахим Кыргызбаев: «Сырттагы биздин кардарлар күткөндөй сорттуулукту жолго кое алдык. Бул үчүн дыйкандар үчүн уюштурулган ар кандай окуулар, түшүндүрүү иштери себеп болду. Биздин логистикалык борбордо 7 тоннадай болгар калемпири жыйналды. Баары Россия өлкөсүнө экспорттолуп жатат. Болгар калемпири 60 сомдун айланасында көбүрөөк жыйналган. Базар баасына карап дыйкандардан сатылып алына берет», — деди.

Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, былтыркы жылы аталган райондон 1500 тоннадан ашуун болгар калемпири чет өлкөлөргө экспорттолгон. Быйылкы жылы да ошондой эле тонна болгар калемпирин экспорттоо планы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE