Пример HTML-страницы

Ноокаттын тургуну президентке алтын кен жана депутат Ташиев тууралуу маалымат айткан. УКМК иликтөө жүргүздү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат районунун Ай-Тамга айылынын жашоочусу Зебиниса Асанова президентке туура эмес маалымат айтканы үчүн кечирим сурады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 20-июнунда президент Садыр Жапаровдун Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча жергиликтүү эл менен жолугушуусунда 1966-жылы туулган Асанова Зебиниса Балтабаевна Абшыр-Ата эс алуу аймагынын (Ноокат району) үстүндө алтын кени бар экенин, аны мыйзамсыз иштетүү Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин жетекчилиги астында башталганын айтып, бул маселе боюнча чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча өлкө президентинин тапшырмасы боюнча УКМК органдары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында жагдайлар аныкталды.

«Учурда Ноокат районунун аймагында көмүр, чопо, сланец таштары, гипс жана башка пайдалуу кендер иштетилип жатат. Облус аймагында Араван району менен чектеш Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан Абшыр-Ата аймагынан алыс жайгашкан Турук кенинен башка (иштетилбеген, натыйжалуулугу төмөн) алтын кени жок.

Сурамжылоо учурунда КР жараны З.Б.Асанова айткан Ш.Ташиев башкарып, иштетип жаткан алтын кени тууралуу маалымат такталбаган жана ушак-айыңдардын деңгээлинде экендиги аныкталган. Анткени ал бул маалыматты кимден укканын так кесе айта алган эмес.

Аталган жаранга текшерилбеген фактыларды айтуу менен, өзгөчө мамлекет башчынын алдында башка бирөөгө жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн жоопкерчиликтүү экени айтылды.

З.Асанова күнөөсүн мойнуна алып, такталбаган жана жалган маалымат менен өлкө президентин адаштыргандыгын белгилеп, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынан ага карата акаарат келтиргендиги жана атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн эл алдында кечирим сураган.

УКМК Конституцияда жана эл аралык келишимдерде кепилденген укуктарга жана эркиндиктерге ээ болгон ар бир адам, ошол эле учурда башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин басмырлаган же кемсинткен аракеттерди жасабашы керектигин эскертет. Ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо-арыздар коюлганда, атайлап жалган маалыматтарды тараткан экинчи тарап кылган аракеттери үчүн материалдык жана моралдык жоопкерчилик тартат», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Буга чейин Turmush 20-июнда президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун Майдан айылына келгенин жазган.

Маалыматка караганда, өлкө башчысы эл менен жолугушууга тик учак менен учуп келди. Жолугушуу учурунда президент Кадамжай районундагы Шамбесай кени казылбай турганын айткан.

«Мен мыйзамдуу болсо, зыяны жок болсо казсаңар болот деп айткам. Бирок мен өз көзүм менен көрдүм, болбойт экен. Ошондуктан бул келишимге чекит койдук. Бул теманы унуталы», — деген президент.

Шамбесай кени боюнча жагдайларды бул шилтеме аркылуу окуңуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE