Пример HTML-страницы

Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел алып кеткен көпүрө оңдолду (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат районунун Абшыр-Ата айылында сел алып кеткен Шаран-Сай көпүрөсү 1-июль күнү калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол каттамын ачуу максатында ӨКМден 5 техника, заводдордун биринен 4 техника тартылган. Эртең менен саат 9:00дө башталган жумуш 13:00дө толугу менен бүткөрүлүп, унаалардын бардык түрү үчүн жол ачылды.

Ноокат районунун Көк-Жар–Абшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы Шаран-Сай көпүрөсү селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Сел алып кеткен башка көпүрөнүн чоо-жайы:

  • Кечээ, 30-июнда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Найман көпүрөсүн сел алып кеткен. Анын кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунда каттам токтогон.

Андан кийин түндө айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулганы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE