Пример HTML-страницы

Ноокаттык жигит Россиядан келгенден кийин ооруга чалдыкканын билген. Ал илдетти кантип жеңгенин айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-мартта Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чараны Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жамааты уюштурду. Аталган борбордун жетекчиси Рустам Ражаповдун айтымында, 1-марттан 1-апрелге чейин бир айлык акция жарыяланган.

«Бул жарыяланган акциянын негизги максаты кургак учук оорусу боюнча элге туура маалымат жеткирүү болуп саналат. Буга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата атайын жөө жүрүш жана флешмобдор уюштурулду. Андан сырткары жер-жерлерде, мектептерде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ош облусунда 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу ооругандардын саны 16 учурга көп катталды. Бүгүнкү күндө абал туруктуу», — деди Ражапов.

Ноокат шаарынын тургуну С.А. кургак учук оорусу менен 9 ай күрөшкөн. Ал айыгып, ооруканадан чыкты.

«Мурун Россияда эмгектенгем. Иштеп жүрүп, суук өтүп, катуу оруп калдым. Кийин Кыргызстанга келдим. Өзүм Ноокаттагы ооруканалардын биринде анализ тапшырып көрүнсөм, мага лимфома деген диагноз коюшту. Кийин өпкөгө операция кылабыз дешти. Алгач макул болгом. Андан кийин апамдарга айтсам, каршы болушуп, дароо эле Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна котортушкан. Бул жактан кургак учуктун жабык түрүнө кабылганым аныкталды. Алгач эки ай 3-кабатта жаттым. Андан кийин 2-кабатка которушту. Дарылоо мөөнөтү эки жылга чейин. Менин учурумда тездетилген системада 6 ай дарылоо болду. Кечээ дарылоонун акыркы күнү болду. Азыр менде баары жакшы, шүгүр. Оору менен жабыркагандар өз убагында кайрылып, дарыланып, дарыгерлер айткан талаптарды аткарса, айыгып кетишет. Анан «ооруп калдым» деп өзүн жаман сезбей, «жеңем» деп күрөшүү зарыл. Негизи алгач 9 ай дарылоо болот дегенде көп убакыт экенин айтып кыйналдым. Кийинчерээк негизги мөөнөтү эки жыл экенин укканда 9 ай оңой эле болуп калды. Эч ким эч качан оорубашын каалайм», — деди ал.

Ал эми бул оорунун белгилери тууралуу дарыгер Бексултан Ражапов айтып берди. Ал өз убагында кайрылган жарандар толук айыга турганын баса белгиледи.

«5 жылдан бери ушул жерде дарыгер болуп иштеп жатам. Бул аралыкта көп нерселерди көрдүк. Кургак учук оорусу аба аркылуу жугуучу, өпкөнү жабыркатуучу, дүйнөдө кеңири таралган инфекциялык дарт болуп эсептелет. Бул оору оору козгоочу бактерияларды чакырат. Бейтаптан аба аркылуу экинчи адамга жугуп калууда алгачкы белгилери пайда болот. Жуктуруп алган адамдарда бул оору 1,5-2 айга чейин билинбей жүрө берет. Эки айдан кийин оорунун белгилер пайда боло баштайт. Эки жумадан ашык кургак жөтөл, какырык менен коштолгон жөтөл болушу мүмкүн. Көкүрөк көөдөнүндө оору пайда болот. Ал эми өтүшүп кеткен учурда какырык менен кандын бөлүнүп чыгуусу, демдин кысылышы, дем алуунун кыйындашы, арыктоо, табиттин жоголуусу, тез чарчоо, алсыроо, түнкүсүн тердөө байкалат.

Жогоруда айтылган белгилердин кайсынысы болбосун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же бизге кайрылуу керек. Ал боюнча диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Эгер кургак учук оорусу тастыкталса, ооруканага жаткырылат. Анын ачык жана жабык түрү бар. Ачык түрү менен жабыркаган жарандан аба аркылуу жөтөлгөндө же чүчкүргөндө жугат. Ал эми жабык түрү болсо, адамга пикир алмашууда жукпайт.

Кургак учук оорусу тукум куубайт. Кургак учук оорусу айыгат. Бул оору менен ооруган бейтаптар кайрылса, дарылоо диагностикалык изилдөөлөр акысыз болот. Ооруну уялып, жашыргандар көп. Жашырбай, өз убагында ачык эле кайрылса, ооруну толук түрдө жеңсе болот. Дарылоо эрте башталса, жакшы жыйынтыктарга жетишебиз», — деди Ражапов.

Дарылоонун эки формасы бар:

— дарыларга туруктуу — 6 айдан 24 айга чейинки дарылоо;

— дарыларга сезимтал — 6 айдан 8 айга чейин дарылоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE