Ноокаттык Шаимбек Алимбаев талашка түшкөн көмүр кенин кайтарып алууга көмөктөшүүнү суранды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-сентябрда АКИпресс-Ошто ишкер — Ноокат районунун тургуну Шаимбек Алимбаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Уу-Таш көмүр кени боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, иниси негиздеген Уу-Таш көмүр кенин Б.Т. аттуу жаран жасалма документтер менен менчиктештирип алып, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна 520 миң долларга сатып жиберген.

«Биз бүгүн бул жерге баарыңыздарга белгилүү болуп калгандай, ызы-чуусу бүтпөгөн Уу-Таш көмүр кенинин маселеси боюнча келдик. Уу-Таш көмүр кенин жасалма документ менен ээлеп алган ишке 4 жыл болуп жатат. Булар 4 жылдан бери аны мыйзамсыз казып, сатып келишет. Бир канча жолу экспертизанын кортундулары, толгон-токой күбөлөрдүн көрсөтмөсү карабай Жогорку соттон алардын пайдасына болбогон шылтоо менен чечип коюп жатышат. Соттор Уу-Таш көмүр кенинин директору өзү келсин деген негиз менен экинчи тараптын пайдасына чечип жатат. Директор каза болуп калган. Директору менин иним болчу. Биз директор шайлайлы деп жүрүп, тоскоолдуктар болуп, араң директор шайладык.

Кенди жасалма жол менен алган адамдар күнүнө 20-25 оор жүк ташуучу унаа менен көмүрлөрдү сатып жатышат. Мамлеттик геологияга [Кыргыз геология кызматы] кат жөнөткөнүбүздө алар «бүгүнкү күндө соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыгына байланыштуу «Ысман-Тоо» ЖЧКсына көмүр кенин казып, сатууга №2 лицензиялык келишим берилген эмес» деп жооп берди. Демек, булардын көмүрдү казып, сатууга уруксаты жок. Бизге тийген документтер боюнча 5 күндө 118 унаа көмүр сатып жатышат. Муну болгону 2 сомдон эле эсептесек, күнүнө 1 млн 200 миң сомдон пайда таап жатышат. Бир жылдагы пайдасы 500 млн сом болууда. Булар мамлекеттик мүлктү ошентип 4 жылдан бери сатып жатышат. Биз канча жерге арыздандык, бирок эч ким чара көрбөй жатат», — деген Алимбаев президентке, УКМКнын төрагасына кайрылып, кенди мыйзамдуу ээсине кайтарууга көмөктөшүүнү суранды.

Кара-Суу районунун тургуну Токтосун Жамалов Жогорку соттун бир эле судьясы 64 сот чыгарган өкүмдү жокко чыгарганын айтып, президентке кайрылды. Аны менен катар эле «Уу-Таш» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири — маркум Шабданбек Алимбаевдин жубайы Нурила Эргешова да президенттен жардам сурады.

Пример HTML-страницы

2023-жылдын март айында социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун катышуусунда видео тараган. Анда депутат кен казган компанияны 520 миң долларга сатып алганы айтылган. Кийинчерээк Жусупбек Коргонбай уулу жалпыга маалымдоо каражаттарына ортомчу гана болгонун, инвестор башка адам экенин айткан.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Ысман-Тоо» ЖЧКсынын жетекчиси — Асанбеков Исламбек Кыштакович, түзүүчүлөрү — Асанбеков Исламбек Кыштакович жана Ашыркулов Ырысдөөлөт Мендиалиевич. Компания Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында катталган. 2023-жылдын 26-октябрында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: таш көмүр казуу.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Уу-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси (2022-жылдын 18-октябрына карата) — Маматова Салтанаткан Макановна, түзүүчүлөрү — Жунушалиев Адилет Жумагазиевич, Маматова Салтанаткан Макановна жана Алимбаев Шабданбек Бекмуратович.

«Уу-Таш» 2024-жылдын 15-августунда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Жамалов Токтосун Осмонович көрсөтүлгөн. Түзүүчүлөрү — Жунушалиев Адилет Жумагазиевич, Бекмуратова Ария Шабданбековна, Бекмуратов Имран Шабданбекович, Шабданбек уулу Нурталип, Бекмуратова Алия Шабданбековна жана Маматова Гүлбарчын Борубаевна. Негизги ишмердүүлүгү: гипс жана аки таш өндүрүү.

Жер казынасын пайдалануучулардын бирдиктүү электрондук реестриндеги маалымат боюнча, 2021-жылдын 26-августундагы лицензия 2041-жылдын 11-июлуна чейин Уу-Таш көмүр кениндеги тилке үчүн «Ысман-Тоо» ЖЧКсына берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️