Ноокаттагы унаа кырсыктан улам жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жаткан жигит көз жумду

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush1-июль күнү Ноокат районундагы жол кырсыктан улам жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 19 жаштагы жигит 5-июлда көз жумду. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ал өзүнө келбей каза болду.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 1-июлда Ноокат районундагы жол-транспорт кырсыгынан 1 адам көз жумганы белгилүү болгон.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, унаада бар жаткан жүргүнчүлөр жабыркап, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.

Пример HTML-страницы

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Гүлистан айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну Я.З. 1-июль күнү саат 16:00 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 20-чакырымында «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен түштүктөн чыгышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай, карама-каршы багытта келе жаткан «Хендай Портер» унаасы менен кагышканын кабарлаган. Аталган унааны Гүлистан айыл аймагынын 1979-жылы туулган тургуну А.И. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, Бостон айылынын 2004-жылы туулган тургуну Т.П. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочусу Я.3. жүргүнчүлөрү — 2008-жылы туулган Т.А., 2003-жылы туулган А.М., 2005-жылы туулган Ж.И. жана «Хендай Портер» автоунаасынын айдоочусу И.А., жүргүнчүсү — 2008-жылы туулган М.М. жаракат алып, Ноокат аймактык ооруканасына кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️