Ноокаттагы тургун үй-бүлөсү менен тойдо жүргөндө үйүнө чагылган түшүп, өрттөнүп кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Ынтымак айылындагы турак үйгө чагылган түшүп, толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 8-июлда болгон. Үй ээсине жардам берүү жолдун издеп жатышат.

Ал эми Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Саттарали Миңбаевдин айтымында, үй камсыздандырылгандыктан анын акчасы жардам катары берилет.

«Өрт 8-июлда түнкү саат 00:00 чамасында болгон. Чагылган түшүп, өрт тутанып кетиптир. Бактыга жараша ал үй-бүлө баары тойдо болушкан», — деди Миңбаев.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өрт тууралуу кабар түшүп, Кызыл-Кыя шаарынын өрт өчүрүү кызматы барган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️