Пример HTML-страницы

Ноокаттагы шайлоонун жүрүшүндө 12 арыз түштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 30-июнь күнү №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү.

Аталган округдан 9 талапкер ат салышкан.

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шайлоонун жүрүшүндө талапкерлердин үстүнөн 12 арыз катталган.

«Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта

Шайлоо Ноокат районунун Көк-Бел, Н.Исанов, Кеңеш, Кыргыз-Ата, Кара-Таш, Т.Зулпуев, А.Мирмахмудов, Гулистан айыл аймактарында жана Ноокат шаарындагы 54 шайлоо участкасында өткөн.

№5 шайлоо тилкесинде 91 миң 57 шайлоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE