Пример HTML-страницы

Ноокаттагы селге агып каза болгондордун саны 7 адамга жетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-июнь күнү Ноокат районунда жүргөн селден каза болгондордун саны 7 адамга жетти. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, бир аял селге агып каза болгон. Анын аты-жөнү такталууда.

Каза болгондордун көпчүлүгү өспүрүмдөр. Алар 2013-жылы, 2016-жылы, 2008-жылы, 2012-жылы, 2013-жылы төрөлгөн балдар, дагы бирөө 2005-жылы туулган.

Ноокат районундагы Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1300дөн ашуун адам куткарылды. Тик учактын жардамы менен 15 адам эвакуацияланды.

—————————————

Буга чейин Ош ОИИБ Ноокат районунда жүргөн селден каза болгон 2 адамдын сөөгү табылганын кабарлаган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сайы аркылуу сел жүрүп, натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын сел каптап, 10 үйгө сел кирип, 6 адамды сел агызып кеткени маалым болгон.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында ӨКМ тарабынан 4 адамдын сөөгү табылган. Алар Ноокат районунун 2005-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган М.Б., С.кызы А., жана М. кызы А. (туулган жылдары тактала элек) экени аныкталган. Бүгүн, 29-июнь күнү саат 13:05 чамасында ӨКМ тарабынан селге агып кеткен адамдардын дагы экөөсүнүн сөөгү табылган. Азыр ысымдары такталууда.

  • Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, селден каза болгондун саны 6 адамга жеткенин билдирген болчу. Каза болгондордун сөөктөрү Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын мейитканасына жеткирилген. Мерт кеткендердин баары жаштар. Болжолдуу 10 жаштан 20 жашка чейинки адамдар. Ушул тапта алардын ысымдары такталып жатат. Көпчүлүгү Көк-Жар айыл аймагынын тургундары экени айтылууда. Алар Абшыр-Ата эс алуу жайына жакындары менен барып, селде калып кетишкен. Бүгүн, 29-июнда дагы 2 баланын сөөгү табылды. Дагы 4 адам дайынсыз болуп, аларды издөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 28-июнь селден кийин кечинде 4 адамдын жансыз денеси табылганы кабарланган.

Селдин чоо-жайы:

  • 2024-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылына жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн. Абшыр-Ата айылынын 1 даана ички чарбалык көпүрөнү, 1 даана ДЭП-37 ишканасына караштуу көпүрөнү, 10-Турак үйдүн коро сарайына, 10-15 РЭСке караштуу мамыларды сел суулары алып кеткен. Аталган аймакта жол эки тараптуу жабык.

Селден каза болгондор:

Ноокаттын Кулатов айыл аймагында саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Натыйжада ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар. Анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде дем алуучу тапчандагы 7 адамды сел суулары агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Сезимталдарга көргөнгө болбойт

Бузулган көпүрө:

Ноокаттын Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Сай бөлүмүнүн Найман жаңы көпүрөсүн сел алып кеткен. Жүк ташуучу чоң автоунааларга сай тараптан жол салуу иштерине техника тартылган.

Андан кийин Ноокат районундагы Абшыр-Ата шаркыратмасына эс алууга чыгып, бери өтө албай калган жарандар аман-эсен экендигин кабарланды. Абшыр-Ата эс алуу жайына баргандардын саны да көп болгон. Сел ошол аймакты каптап өткөн.

Электр жарыгы өчкөн:

Кечээ, 28-июнда саат 16:30 чамасында Ноокат районунун аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, электр мамылары сынып кетти. Зыян тарткан ба чубалгынын узундугу 400 метрти түзөт. Турбаза тараптын жолу жабык болгондуктан тактоо иштери улантылууда. Техникалар учурда жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жалпысынан селдин кесепетинен 2771 абонент жарыксыз калууда. Жеринде жол ачык болгон айылдарда Ноокат РЭТнин электр куроочулары электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы учуп кетти. 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба ырайы бузулуп, ашууларды булут жаап байланыштуу тик учактын учуусу токтотулган. Азыр аба ырайын турукташкан соң, тик учак жардамга жөнөтүлдү.

Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган. Болжол менен 30-35 чакырым жерди шаркыратмадан тоону көздөй басып өтүшүп, 3 чакырым жерди суу алып кетип, ошол суудан өтүшкөн. Суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө албай калып калгандыгы аныкталган.

180 адамды куткаруу:

Ноокат районунун Абшыр-Ата эс алуу жайында жүргөн селден улам өтө албай калган адамдар куткарылып жатат.

Маалыматка караганда, селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 130 куткаруучу, 3 экскаватор, 2 самосвал, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, 7 самосвал, 3 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор 1 кран, жергиликтүү тургундардан 120 адам, жалпы 320 кызматкер, 20 инженердик техника тартылган.

Куткаруучулар Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу максатында тактайлардан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өтүп, коопсуз жерге көчүрүү иштери жүрүүдө.

Ноокат районунда жүргөн селден жабыр тарткандарга дарыгерлер жардам берип жатат.

Маалым болгондой, сел жүргөн аймакка Ош облустук, Ноокат райондук ооруканасынан, балдар ооруканасынан психологдор жана башка адистер тартылды. 200Дөн ашык дарыгер кыдырып жардам берип жатышат. 6 тез жардам унаасы тартылды.

Ноокат аймактык ооруканасында эана Көк-Жардагы филиалында 110 орун даярдалды. Жабыр тарткандар болсо керектүүлүчү дары-дармектер жана кан камсыздалган. Азырынча ооруканага жабыр тарткандар келип түшө элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE