Пример HTML-страницы

Ноокаттагы селдин кесепеттерин санап чыгышты

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush28-июнда Ноокат районунда болгон селден келтирилген зыяндар такталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, жалпы 125 үй, 1 бала бакча, 1 мектептин короосун сел каптап, анын ичинен 3 үй авариялык абалга келип, 28 үйдүн ичине, жер төлөлөрүнө сел кирген. Ики чарбалык унаа жолдорду каптап, көпүрөлөр жараксыз абалга келип, электр энергиясын берүү үзгүлтүкө учураган. 26 баш бодо мал, 15 баш майда жандык, 10-15 элеткр мамысы селген агып кеткен. 4 көпүрө жараксыз абалга келген.

Селдин кесепетинен 10 адам каза болгон (7 жаш бала, 2 аял, 1 эркек адам киши). «Абшыр-Ата» эс алуучу жайына барган ички чарбалык унаа жол жабылган. Селдин кесепетинен унаа жолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу «Абшыр-Ата» эс алуучу жайында болжол менен 1400гө жакын адам, ал эми Кезарт жайлоосунда 150 адам калып калган. 12 баш бодо малды сел агызып кеткен.

Көк-Жар айыл аймагынын Найман айылында 31 үйдүн короосун суу каптап анын ичинен 15 үйдүн ичине сел кирген. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрөнү сел алып, унаа жол убактылуу жабылган. Бул айылда 4 баш бодо малды суу агызып кеткен.

Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайынан сел түшүп, 25 үйдүн, 1 мектептин короосун каптап, анын ичинен 4 үйдүн ичине сел кирген. Кош-Чан дарыясынын суусу көтөрүлүп, ички чарбалык көпүрөнү жууп кеткен. 3 баш бодо малды сел агызып кеткен.

Гүлистан айыл аймагынын Фрунзе айылында 7 үйдүн короосун каптап, анын ичинен 3 үйдүн ичине сел кирген. 2 баш бодо мал, 15 баш кой-эчки сууга аккан. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 43-чакырымында Чили-Сай сайынан сел ашып, көпүрө жараксыз абалга келген.

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама, Дөң-Кыштак, Катта-Тал айылдарында 34 үйдүн короосун суу каптап, 2 унаа жолду сел жеп, 5 баш бодо малды сел агызып кеткен.

  • Катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында 29-июнда акимдин буйругунун негизинде, Кулатов, Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында згөчө кырдаал режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: ӨКМнин орун басарынын жетекчилигинде жалпы 68 куткаруучу, 18 техника, Жарандык коргонуу кызматтарынан 18 кызматкер, 7 техника, айыл аймактан жана жергиликтүү тургундардан 200 адам, 51 техника тартылган.

Аткарылган иш чаралар: Тартылган күч каражаттардын жардамында сел кирген 28 үйдүн ичи, 97 үйдүн, бала бакчанын, мектептин короосу толук тазаланып, жолдун жээктеринен сел калдыктары тазаланган. Ак-Өтөк сел сайынын 400 метр Кош-Чан дарыясынын 400 метр аралыгын жана көпүрөнү бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары ӨКМдин өрт өчүрүүчү унааларынын жардамы менен 9 айылга 37 тонна таза суу жеткирилген. 3-июль күнү селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.

Селдин чоо-жайы:

  • 2024-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылына жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн. Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар. Анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде дем алуучу тапчандагы 7 адамды сел суулары агызып, 5 адамдын сөөгү табылган.

Сезимталдарга көргөнгө болбойт

Бузулган көпүрө:

Ноокаттын Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Сай бөлүмүнүн Найман жаңы көпүрөсүн сел алып кеткен. Жүк ташуучу чоң автоунааларга сай тараптан жол салуу иштерине техника тартылган.

Андан кийин Ноокат районундагы Абшыр-Ата шаркыратмасына эс алууга чыгып, бери өтө албай калган жарандар аман-эсен экендигин кабарланды. Абшыр-Ата эс алуу жайына баргандардын саны да көп болгон. Сел ошол аймакты каптап өткөн.

Электр жарыгы өчкөн:

Кечээ, 28-июнда саат 16:30 чамасында Ноокат районунун аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, электр мамылары сынып кетти. Зыян тарткан ба чубалгынын узундугу 400 метрти түзөт. Турбаза тараптын жолу жабык болгондуктан тактоо иштери улантылууда. Техникалар учурда жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жалпысынан селдин кесепетинен 2771 абонент жарыксыз калууда. Жеринде жол ачык болгон айылдарда Ноокат РЭТнин электр куроочулары электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы учуп кетти. 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба ырайы бузулуп, ашууларды булут жаап байланыштуу тик учактын учуусу токтотулган. Азыр аба ырайын турукташкан соң, тик учак жардамга жөнөтүлдү.

Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган. Болжол менен 30-35 чакырым жерди шаркыратмадан тоону көздөй басып өтүшүп, 3 чакырым жерди суу алып кетип, ошол суудан өтүшкөн. Суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө албай калып калгандыгы аныкталган.

180 адамды куткаруу:

Ноокат районунун Абшыр-Ата эс алуу жайында жүргөн селден улам өтө албай калган адамдар куткарылып жатат.

Маалыматка караганда, селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 130 куткаруучу, 3 экскаватор, 2 самосвал, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, 7 самосвал, 3 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор 1 кран, жергиликтүү тургундардан 120 адам, жалпы 320 кызматкер, 20 инженердик техника тартылган.

Куткаруучулар Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу максатында тактайлардан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өтүп, коопсуз жерге көчүрүү иштери жүрүүдө.

Ноокат районунда жүргөн селден жабыр тарткандарга дарыгерлер жардам берип жатат.

Маалым болгондой, сел жүргөн аймакка Ош облустук, Ноокат райондук ооруканасынан, балдар ооруканасынан психологдор жана башка адистер тартылды. 200Дөн ашык дарыгер кыдырып жардам берип жатышат. 6 тез жардам унаасы тартылды.

Ноокат аймактык ооруканасында эана Көк-Жардагы филиалында 110 орун даярдалды. Жабыр тарткандар болсо керектүүлүчү дары-дармектер жана кан камсыздалган. Азырынча ооруканага жабыр тарткандар келип түшө элек.

Ноокат районундагы Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1400 адам куткарылганы кабарланган. Тик учактын жардамы менен 21 адам эвакуацияланган.

Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сайы аркылуу сел жүрүп, натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын сел каптап, 10 үйгө сел кирип, 6 адамды сел агызып кеткени белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE