Пример HTML-страницы

Ноокаттагы селден кийин бир нече адамдын сөөктөрү табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат районундагы Абшыр-Ата айылында жүргөн селден айыл тургундары 1 кыз жана 2 эркек баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, катуу келген сел токтогондон кийин аталган аймактагы сел жүргөн сайдардан адамдардын жансыз денелери табылып жатат.

Мерт болгондор көбү жаш өспүрүм курактагы балдар. Азырынча алардын өздүгү тактала элек. Жергиликтүүлөр табылган сөөктөрдү сел жүргөн сайга жакын жайгашкан үйлөргө убактылуу алып барып коюп жатышат.

Каза болгондордун саны бештен ашканы айтылууда. Айрым маалыматтарга караганда, өлүм саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Абшыр-Ата эс алуу жайына баргандардын саны да көп болгон. Сел ошол аймакты каптап өткөн.

  • 2024-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылына жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн. Абшыр-Ата айылынын 1 даана ички чарбалык көпүрөнү, 1 даана ДЭП-37 ишканасына караштуу көпүрөнү, 10-Турак үйдүн коро сарайына, 10-15 РЭСке караштуу мамыларды сел суулары алып кеткен. Аталган аймакта жол эки тараптуу жабык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE