Пример HTML-страницы

Ноокаттагы селде суудан өтө албай 180 адам куткарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-июнда Ноокат районунун Абшыр-Ата эс алуу жайында жүргөн селден улам өтө албай калган адамдар куткарылып жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 130 куткаруучу, 3 экскаватор, 2 самосвал, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, 7 самосвал, 3 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор 1 кран, жергиликтүү тургундардан 120 адам, жалпы 320 кызматкер, 20 инженердик техника тартылган.

Куткаруучулар Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу максатында тактайлардан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өтүп, коопсуз жерге көчүрүү иштери жүрүүдө.

.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE