Ноокаттагы Найман суу сактагычынан адамдын жансыз денеси чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда 28 жаштагы тургундун жансыз денеси табылды. Бул туралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 22-июль күнү Ноокат районундагы Кайрагач айылында 1994-жылы туулган К.Э. аттуу эркек киши Найман суу сактагычына чөгүп кеткени кабарланган.

Бүгүн, 23-июль күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан (РӨКОдон) 7 куткаруучу, Ноокат райондук №71 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Саат 11:05те аталган жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️