Пример HTML-страницы

Ноокаттагы Найман көпүрөсүн сел алып кетип, Ош–Баткен каттамы жабылды. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 30-июнда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы көпүрөнү сел алып кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, катуу жааган жамгырдан улам катуу сел келип, Ош–Разаков унаа жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү бузулду. Азыркы учурда Ош-Баткен жолунда эки тараптуу каттам токтоп турат.

№37 Жол тейлөө ишканасынын маалыматына караганда, авариялык абалдагы эски көпүрөгө катуу сел келгендигине байланыштуу кулап калды. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок. Селдин каттуу келип жаткандыгына байланыштуу алдын ала техникаладын жана адамдардын каттамы токтотулган болчу.

Ал эми ӨКМден маалыматына караганда, бүгүн саат 20:30 чамасында Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE