Пример HTML-страницы

Ноокаттагы мал сарайда 21 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 29-июнь күнү Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагында 21 жаштагы жигит өмүр менен кош айтышты. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мал сарайда асынып алган.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктады. Кечээ күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Таш айыл аймагынын Т.Б. аттуу тургуну үйүнүн короосундагы мал сарайга асынып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын ата-энеси жана жакындары маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE