Пример HTML-страницы

Ноокаттагы лицейге 10 компьютер тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ноокат билимканасы» жатак лицейиндеги салтанаттуу иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев баштаган жетекчилер, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбек Кааров, жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты. Алар бүтүрүүчү окуучуларды куттуктады.

Иш-чарада «Ноокат билимканасы» жатак лицейинин 9 окуучусунун «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгону жамааттын эмгеги экени белгиленди. Ошондой эле лицейдин 2 бүтүрүүчүсүнө Германияга акысыз барып келүү үчүн сертификат жана 4 окуучуга немис тилин 1 айлык акысыз окуу үчүн сертификат берилди. Ал эми Кара-Таш айыл өкмөтү тарабынан лицейге акыркы үлгүдөгү 10 компьютер тапшырылды.

Ноокат районунда 2275 окуучу 11-классты, ал эми 4703 окуучу 9-классты аяктап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE