Ноокаттагы ири көпүрөнү сел алып кеткен. Аны бузуп жатышат. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш—Баткен—Раззаков жолундагы Найман көпүрөсү бузулуп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалылматка караганда, аталган унаа жолдун 63-чакырымындагы эски көпүрө демонтаждалып, ушул эле жолдун 43-чакырымындагы көпүрөнүн тирөөчтөрү орнотулууда.

Turmush 2024-жылдын 30-июнунда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы көпүрөнү сел алып кеткенин жазган.

Бул көпүрө Ош жанан Баткен облустарын байланыштырат.

Пример HTML-страницы

Катуу жааган жамгырдан улам катуу сел келип, Ош—Баткен—Разаков унаа жолунун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү бузулуп, каттам токтогон.

№37 Жол тейлөө ишканасынын маалыматына караганда, авариялык абалдагы эски көпүрөгө катуу сел келгендигине байланыштуу кулап калды. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок. Селдин каттуу келип жаткандыгына байланыштуу алдын ала техникаладын жана адамдардын каттамы токтотулган болчу.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда 2024-жылдын 30-июнунда саат 20:30 чамасында Найман көпүрөсү урап түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️