Ноокаттагы борбордук базарды башка аймакка көчүрүү сунушталды

TurmushБүгүн, 13-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ноокат районунун жашоочулары менен жолугушуп, жеринде маселелерди укту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундар борбордук базар боюнча да кайрылуу жасашып, аны көчүрүү керектигин айтышты. Алардын айтымында, ар бир айыл өкмөттөн 1 гектардан жер бөлүнсө, базарга келген унаалардын баары батат.

Ал эми өкүл З.Жамалдинов борбордук базарды көчүрүү сунушун колдой турганын билдирди.

«Чынында базар күнү гана эмес, башка күндөрү да Ноокат базарынан өтүүгө болбой калды. Бел айыл өкмөтүнөн айылдык кеңеш 15 гектар жер бөлүшүптүр. Ошол жакты карап көрүңүздөр. Жакшы шарттар түзүлсө, жер жакшы болсо, Белге көчүрөлү. Ноокат шаарынын борборун бошотушубуз керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️