Ноокаттагы айылдарда кайрадан сел жүрүп, Ош—Баткен жолун каптады. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 18-июлда саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, сел Ош—Баткен—Разаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптап, каттам убактылуу жабылган. Унаа жолду тазалоого №37 Жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймактан экскаватор жана куткаруучулар тартылды.

Ал эми президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, саат 20:15 чамасында Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылынын Тешик-Таш участкасында сел жүрүп, саат 20:47 чамасында Ош—Баткен—Разаков унаа жолу убактылуу жабылган.

Саат 20:45 чамасында Сарыканды айылында сел жүрүп Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 63-чакырымында жайгашкан көпүрөнү суу каптап, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоого №37 ЖТИден техникалар, куткаруучулар тартылган.

Кийинчерээк ӨКМ Ош—Баткен—Разаков унаа жолунун 55-чакырымы бир тараптуу ачылганын, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️