Ноокаттагы айылда төрөткана кароосуз калып, четинен талкаланып жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районуна караштуу Токторбай Зулпуев айыл аймагында жайгашкан төрөткана көп жылдардан бери кароосуз турат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул имарат аталган айыл аймактын эң кооз, дөңсөө жеринде жайгашкан. СССР учурунда салынган төрөткана 20 жыл мурда азыркы Токторбай Зулпуев айыл өкмөтүнүн калкын жана ага жакын аймактарды тейлеп турган. Учурда анын терезе, эшиктери талкаланып, айланасындагы имарттардын да дубалдарын көчүп түшкөн.

Зулпуев айыл аймагынын башчысы Данияр Тажибаев бүгүнкү күндө 26 миң эли бар айыл өкмөткө бул имаратты кайра оңдоп, бейтапкана катары пайдаланууга муктаждык бар экенин айтты.

«Айылдык кеңештин чечими менен 2014-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ноокат аймактык оорукнасына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин деп өтүп кеткен экен. Мен жеке маламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен сүйлөшкөм. Азыркы күндө булар 10 миллион сомдон ашык акча бөлүп жатышат. Азыр сметасын даярдап, бул дагы 2025-жылы акча бөлүнүп бүтөт.

Имаратты оңдоп-түздөөгө муктаждык бар. Анткени калктын саны өсүп жатат. Зулпуевде 26 миң калк жашайт. Жакынкы айыл өкмөттөрдө Кыргыз-Ата, Кеңеш ошол 3 айыл өкмөт келген чакта деле 75 миңден ашык калкты ошол жерде тейлесе болот», — деди Данияр Тажибаев.

Пример HTML-страницы

Эгерде төрөткананын эски имараты оңдоп-түзөөдөн өтсө жалпы даргерлер тобунун имараты катары иштеп баштайт. Бул жердин жалпы аянты 42 сотыхты ээлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️