Ноокатта жер үстүндөгү өтмөк куруу пландалып жатат. Эскиздик долбоор даярдалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат шаарында жер үстүндөгү өтмөк куруу пландалып жатат.

Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматына караганда, өтмөктүн долбоору даярдалды. Курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталат.

Азырынча сметалык баасы аныктала элек. Тендер жарыялоо иштери эми жүргүзүлөт.

2024-жылдын 31-октябрында Ош облусунун Ноокат районунда төрт тилкелүү жол пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ноокат райондук администрациясынын жетекчилиги, Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов катышты.

Пример HTML-страницы

20 чакырымга созулган Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунда 3 көпүрө бар. Алардын ичинен экөө — Абшыр-Сай жана Чили-Сай көпүрөлөрү пайдаланууга берилди. Ал эми Кыркол-Сай көпүрөсүндөгү оңдоо иштерин 10-ноябрга бүтүрүүнү убадалашкан.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, асфальт төшөө иштери менен катар Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай) жана 43-чакырымындагы (Чили-Сай) эки көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилди. Ал эми эл аралык маанидеги унаа жолдун 29-чакырымында жайгашкан (Кыркол-Сай) көпүрөдө жумуштардын 80 пайызы аткарылды.

Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️