Ноокатта сел жүрүп, унаа жол жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-июлда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Зулпуев айыл аймагында саат 17:15 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман—Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптаган. Унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана 1 экскаватор тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️