Пример HTML-страницы

Ноокатта сел жүргөн айылдарда тазалоо иштери башталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 29-күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, сел агындыларын тазалоого ӨКМден техникалар тартылды.

Ноокат районун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылынын Ак-Өтөк конушунда сел аккан сайды тазалоого министрликтен экскаватор тартылды.

28-июнь күнү Ноокаттын Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу-Сай сел сайынан сел түшкөн. Аталган аймакта 25 үйдүн короо-сарайларына, бала бакчага сел кирген.

Гүлистан айылында сел каптаган үйлөр тазаланууда. Гүлистан айыл аймагынын Тажи-Кыштак айылынындагы 8үйдүн короо-сарайларына сел кирген. Бүгүн, 30-июнь күнү тазалоо иштерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды.

Каза болгондор адамдарды табуу аракетери көрүлүп жатат.

  • Селден каза болгондордун саны 8 адамга жетти. Алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр экенин кабарлаган. Алар 2013-жылы, 2016-жылы, 2008-жылы, 2012-жылы, 2013-жылы төрөлгөн балдар, дагы бирөө 2005-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE