Пример HTML-страницы

Ноокатта сел кирген 28 үй тазаланып бүттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунда сел суусу кирген жалпы 28 үй сел калдыктарынан толугу менен тазаланып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, райондун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында ӨКМдин 9 техникасы, Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылында 3 техника, Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Өтөк айылында 2 техника иштеп, сел калдыктарынан тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары №37 жол тейлөө ишканасынын 4 техникасы менен жолдорду калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.

Буга чейин Абшыр-Ата аймагында сел жүрүп, 125 үйгө зыян келтирилгени кабарланган. Анын ичинен 25 үйдүн короосуна жана жер төлөсүнө суу кирген. ӨКМден 7 техника тартылып, 130 кызматкер, жергиликтүү бийликтен 450 адам иштеп жатат. Бир бала бакчага суу кирген.

3 үй авариялык абалда турганы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE