Пример HTML-страницы

Ноокатта муштап чыгып, 17 жаштагы жигит ооруканага жеткирилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы «Кыргыз-Ата» жаратылыш паркында (Кара-Кой жайлоосу) бир нече жаран мушташа кетип, учтуу буюмдарды колдонгон. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар кабарлады.

Алдын ала маалыматка ылайык, чырдаша кеткен жарандар бычактарды колдонушкан. Натыйжада бир адам ооруканага түшкөн.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

Ушул жылдын 24-июнь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Т.Д. аттуу жаран денесинен алган жараатынан улам ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат катталган.

«Бул окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө 2024-жылдын 25-июнь күнү 2007-жылы туулган Т.Д. экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE