Ноокатта мончого келген 16 жаштагы бала өмүр менен кош айтышты

Акыркы жанылыктар

Turmush14-июль күнү Ноокат районунда 16 жаштагы бала мончодо каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады.

Маалыматка караганда, ал мончодогу бассейнге чөгүп кеткен. Маркум бир үйдүн жалгыз уулу болчу.

Ош ОИИБ маалыматы тастыктап, милицияга Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2008-жылы туулган А.Ж. аттуу тургуну мончодогу бассейинде киринип жатып чөгүп кетип каза болгону жөнүндө маалымат келип түшкөнүн билдирди. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын ата-энеси соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Маркумга сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️